8 ай ичинде транспорттук салыктан 580 миллион 184 миң сом түштү

Кыргыз Республикасынын Салык кызматы Патрулдук милициянын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо максатында рейддик иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынан бүгүн, 15-сентябрда билдиришти.

"Мындан улам транспорттук каражаттардын ээлери айдоочулук күбөлүк менен унаанын техникалык паспортунан тышкары салыкты төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөгүн алып жүрүүсү зарыл. Салык төлөгөн жарандарга атайын чаптамалар бекер берилет. Аны унаанын алдынкы айнегине чаптоо керек. Учурда салык чогултуу иштери уланууда. 1-сентябрга чейин төлөбөгөндөргө 2 миң сом өлчөмдө айып салынып, ар бир кечиктирген күнү үчүн туум жазылат", - деп билдиришти Салык кызматынан.

"Эгер сиз унааңыз үчүн салык төлөп, чаптама ала элек болсоңуз, дүмүрчөк менен Салык кызматына барып аны бекер аласыз. Чаптама сиздин салык төлөгөнүңүздү тастыктайт. Чаптаманы көргөн патрулдук кызматкерлер сизди бул маселе боюнча токтотушпайт", - деди SUPER.KG порталына КРнын Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Транспорт үчүн салык мүлктүн түрүнө жараша 3кө бөлүнөт:

1. Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген объекттер үчүн салыктын өлчөмү:

  • унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнөн;
  • унаанын түрүнөн (жеңил, жүк ташуучу, жол куруу, айыл чарба унаалары, кемелер, мотоциклдер);
  • унаанын чыгарылган жылынан көз каранды.

2. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок объекттер үчүн салык анын баланстык наркынан 0,5 пайыз өлчөмүндө түзүлөт. Баланстык нарк - мүлктүн баштапкы наркы.

3. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик баасы жок мүлк үчүн салык жергиликтүү башкаруу органы тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен аныкталат. Алар чыгарган көрсөткүчтүн 0,5 пайызы аталган мүлк түрүнүн салыгы болот. Комиссиянын курамына аймактык Салык кызматынын, кыймылдуу мүлктү каттоочу мамлекеттик органдын, жергиликтүү башкармалыктын өкүлдөрү кирет. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик баасы жок мүлктүн салыгынын өлчөмүн аныктоо үчүн аймактык Салык кызматы комиссияга кат менен кайрылат. Эгер комиссия мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзсө же эч кандай аракет жүргүзбөсө, КРнын мыйзамы боюнча жоопко тартылат. Ал эми салык төлөөчү өз кезегинде комиссия мүчөлөрүн административдик, өндүрүштүк, кампа жана башка имараттарынын аймактарына киргизип, мүлккө тиешелүү керектүү түшүндүрмөлөрдү, маалым каттарды бериши керек. Эгер ал комиссиянын ишине тоскоолдук көрсөтсө, КРнын мыйзамы боюнча жоопко тартылат.

Ушул жылдын 1-сентябрына 226 миң атайын чаптамалар берилип, 8 ай ичинде транспорттук салыктан 580 миллион 184 миң сом түшкөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2016-09-15 22:08:08
чогулса жегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан