КҮНСЕРЕП: КСДПнын депутаты автобуска түшкөнүнө нааразы

Бүгүн, 14-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жайкы каникулдагы 2 айлык эс алуу жетишсиз болуп, Көчмөндөр оюндарын көрүп, Курман айтта айтташ үчүн тарап кетишкен депутаттар бүгүн пленардык жыйынга чогулушту. 1-сентябрда КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев жайкы каникулдан келген депутаттарды оюн көрүп келели деп кайра тараткан эле. Эми ал “Ошол оюнду көрүүгө шартты биз үчүн начар түздүңөр, өкмөткө жакшы түздүңөр. Бизди автобуска салган боюнча алып кеттиңер, министрлер кабинетинин өкүлдөрү бизди шылдыңдагансып өз унааларында барышты” деп арызданды. Депутаттын бул арызы Жогорку Кеңеш качан эс алуудан келип, иш баштайт деп күзөтүп отурган көпчүлүктүн кыжырдануусун жаратты. “Жогорку Кеңеш карап, талкуулаганга башка маселе жок беле? Мына көргүлө, кандай деңгээлдеги адамдарды шайлаганбыз?!” Коомчулук депутаттын даттануусун ушундай кабыл алды. Жогорудагыдай демилгелери, сөздөрү менен Кожобек Рыспаев "КСДП фракциясынын ньюсмейкери" наамына илингени калды. Бул күнү өзгөчө жоругу менен айырмаланган дагы бир депутат КСДПчы Мээрбек Мискенбаев болду. Лидерине болушайын деп, бирок акылдуу, маанилүү эмне сунуш киргизерин таппаган ал Текебаевге улам-улам сөз берилип жатканына жабышып, “анда трибунаны Текебаевдин жанына алып барып бергиле” деп чыкты. Анын эмоцияга толо демилгеси алыска барбады. Мискенбаев кесиптештеринен кагуу жеп тынчып отуруп калды.

КСДП фракциясы бүгүнкү парламенттик жыйында эки фронттук линияда согуш жүргүзүп жатты. Бирок согуштар парламенттик оппозиция менен эмес, коалициялык көпчүлүккө кирген эки фракция: “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” менен болду. “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасынын бош креслосуна өзүнүн фракциялашы Тынчтык Шайназаровду отургузууга аракет кылып жатат. Конституцияны өзгөртөбүз деген аракетти баштап коомчулуктун катуу нааразычылыгына туш болгон КСДП бул кызматты башкаларга карматпасы анык. Алар талапкер катары Асел Кодуранованы алып чыгышты. Албетте, коалициялык көпчүлүктүн курамынан дагы бир талапкердин чыгышы Иса Өмүркулов баш болгон КСДП фракциясына жагымсыз сюрприз болду. Бул сюрприз фракция лидерин тең салмактуулуктан чыгарып, Иса Өмүркулов: "Ата Мекен" Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, бизди улам-улам сындап жатат. Эгер коалициялык көпчүлүктө түшүнүшүү жок болсо, анда “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” коалициядан чыксын", - деп жиберди. "Парламенттеги көпчүлүк коалиция Конституцияны өзгөртүү, референдум өткөрүү үчүн куралды беле?" деген суроо жаралат. Текебаев жоопту көп күттүргөн жок. Ал коалициялык келишимде "президенттин Конституцияны өзгөртүү, референдум өткөрүү идеясын баары колдосун" деген пункт жоктугун айтты. "Ата Мекен" коалициялык келишимди так аткарып жатат, демек, коалициядан чыгууга негиз жок. Эгер жакпай жатса, анда КСДП өзү чыгып кетсин", - деди ал. “Ата Мекендин” же “Өнүгүү-Прогресстин” коалициядан жалгыздап чыгып кетүүсүнөн абал өзгөрбөйт. Эгер Текебаев менен Төрөбаевди чогуу коалициядан сүрүп чыгаруу аракети жүрүп жатса, анда коалициялык көпчүлүктө 56 гана мандат калат. Демек, коалицияга дагы бир фракциянын кириши керек болот. Бабанов коалициялык көпчүлүккө кирүүгө даяр экенин ачык да, кыйытып да кайра-кайра айтып жатат. Анын фракциясында 28 мандат бар. Эгер окуя ушундай өнүксө, анда Түндүк менен Түштүктүн балансы бузулуп, ажырымы күчөп кетери анык. Текебаев да, Төрөбаев да түштүктүн өкүлдөрү. Ал эми Өмүркулов, Исаев жана Бабанов Кыргыз мамлекетинин түндүк аймагынын өкүлдөрү...

Ош-Бишкек унаа жолу массалык өлүмдөр катталган трассага айланып баратат. Кечээ 5 адам каза болуп, 7 адам түрдүү жаракаттарды алган кезектеги кырсык орун алды. Буга чейин да, 27-августта аталган трассада эки жеңил унаа сүзүшүп, 9 киши каза тапкан. Ош-Бишкек жолундагы кырсыктар маселеси бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Сайдулла Нышанов аталган жолдогу кырсыктар эмне себептен болуп жатканын изилдөө керек деп маселе көтөрдү. Быйыл өлкө аймагында 3667 жол кырсыгы катталып, 567 адам каза таап, 5690 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Жол кырсыктарынын келип чыгышына көпчүлүк учурда айдоочулардын жол белгилерине маани бербегендиги, жол эрежелерин одоно бузуулары, ал кылмыштары үчүн тиешелүү жаза албагандары себеп болору жашыруун эмес. Канчалык оор эреже бузуу катталбасын, акча берип жазадан кутулуп кетишкен окуялар көп. Жазаланбагандык мыйзамсыздыкты жаратат. Бул маселени чечүүдө айдоочуларды гана эмес, айдоого уруксат күбөлүктү берүүчү мекемелерди тартипке салуу, жол кыймылын көзөмөлдөөчү органдагы паракорчулукту жоюу зарыл. Болбосо кырсыктан улам каза болгондор тууралуу кабарлар өсө берет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан