Бүгүн, 15-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бүгүн “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев коомчулуктун көңүлүн президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайына бурду. Эми бул турак жайдын айланасында ар түрдүү кептер көп убакыт бою айтылары бышык. Текебаевдин бул маселени көтөргөнүн КСДПнын ага карата каршы аракеттерине жообу деп бааласак болот. Анткени бүгүнкү парламент жыйынында социал-демократтар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар менен тирешти курчутуп жатканы байкалды. Бүгүнкү чабуулду КСДПчылар Мээрбек Мискенбаев менен Анвар Артыков жасоого аракет жасашты. Мискенбаев өз сөзүндө Текебаевдин моюнуна мародёрлукту илүүгө аракеттенди. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге, фракция лидерлерине каршы пикирлерди айтып, акарат келтирип жатат. Эл мародёрлук десе эле Текебаевди элестетип калды", - деди Мискенбаев. Ал эми Анвар Артыков Мискенбаевден алыс кеткен жок. “Көрө албастар жана мародёрлуктан пайда табууну көздөгөндөр Конституцияга өзгөртүүгө каршы чыгып жатышат”, - деди Артыков. Бул айыптоолор Жогорку Кеңештин жыйынынын “Ар түрдүү маселелер” бөлүгүндө айтылды. “Ар түрдүү маселелер” учурунда депутаттарга элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, өкмөткө тапшырмаларды берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок КСДПчылар өздөрү үчүн эмне маанилүү экенин көрсөтүп коюшту: элдин көйгөйүбү же жеке кызыкчылыктарыбы.
Өмүрбек Текебаев атайын маалымат жыйынын уюштуруп, Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайы үчүн жер тилке кандай жол менен алынганы тууралуу расмий эмес маалымат менен коомчулукту тааныштырды. Анын айтымында, Атамбаев ошол жерди учурдагы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон алган. КСДПнын лидери Иса Өмүркулов бул маалыматты ырастады. “Атамбаев жерди Ибраимовдордун үй-бүлөсүнөн мыйзамдуу түрдө сатып алган. Жердин аянты 27,15 гектар эмес, 2,5 гектар. Белекке алган деп түздөн-түз каралап жатат. Атамбаев акчага сатып алган", - деп жооп берди Бишкекти 2010-2013-жылдары башкарган Өмүркулов.
Бул арада “Ата Мекендин” квотасы менен мамлекеттик кызматка дайындалган адам ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Кеп Бакыт Рыспаев жөнүндө. Ал Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин жетектеген. Текебаев менен Атамбаевдин тирешүүсүнөн айрым чиновниктер "эки дөө согушса ортосунда чымын өлөт" болууда. Алдыда дагы канча мындай кызматтан алуулар болору белгисиз. Административдик мүмкүнчүлүктөр пайдаланылып, каршылаштарга кысым жасалып жатат. Көшөгөнүн артындагы куугунтук ушинтип уланууда...
Эртең башталчу саммитке даярдыктар катуу жүрүп жатат. Буга байланыштуу борбор калаада тез арада жолдор оңдолуп, тосмолор коюлуп, арчалар боёлуп, президенттер өтчү жолдордун боюндагы үйлөр сырдалды. Саммит өтчү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына 149 миң сомго чукул каражатка “чекушкалар”, шарап, сыра, коньяк жана башка суусундуктар сатылып алынып жаткан. Ошондой эле резиденциянын аймагында боз үй сыяктуу турак жайлар курулган. Алардын ичинде президенттер отурумдарды өткөрүшмөкчү.
Советтер Союзу 1991-жылы жоюлуп, 15 көз карандысыз республикага бөлүнгөн. СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты жөнгө салуу максатында ошол эле жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги түзүлгөн. Өлкө лидерлери (же алардын өкүлдөрү) жыл сайын республикалардын биринде чогулушуп, орчундуу маселелерди талкуулап, тиешелүү документтерди бекитип турушат. Саммитти өткөргөн өлкөгө ички маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачылат. Быйыл 25 жылдык мааракелик саммитти өткөрүү кезеги Кыргыз өлкөсүнө жетти. Саммитке 6 президенттин келери күтүлүүдө. Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Шавкат Мирзийоевдин Бишкекке келбей турганы, анын ордуна өкмөт өкүлү келери бир топ суроолорду жаратты. Балким, Атамбаевдин Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга келбегенине өзбек тарап ушинтип жооп көрсөтүүдө. Эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Казакстан менен интернет маселесин, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселесин, Орусия менен миграция маселесин жогорку деңгээлде чечүүгө саммит мыкты шарт түзүп берип жатат. Эгер бул маселелер боюнча чечимдер кабыл алынып, иш алдыга жылса, анда саммитке даярдыкка жумшалган чыгымдар өзүн актады десек болот...