Москва шаарында өрттөн каза болгон кыздарга эстелик үчүн Бишкекте аллея уюштурулат

Москва шаарында өрттөн каза болгон кыздарга эстелик катары Бишкек шаарында жаш көчөттөр отургузулуп, аллея уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин демилгелүү топ социалдык түйүндөр аркылуу коомчулукка кайрылуу жасап келген. Мындай сунуш менен уюштуруучулар калаа башчысына 500дөн ашуун адамдын колу коюлган кайрылуу менен киришкен. Шаар мэри Албек Ибраимов жашоочулардын сунушун колдоого алган.

Демилгелүү топтун сунушу менен Бишкек шаарынын Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишине аллея куруу сунушу ишке ашырылат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-август күнү Москва шаарында басмаканалардын биринде иштеген 14 кыргыз кыз-келин тилсиз жоодон улам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
medetbek.isanov
2016-09-16 10:32:03
Баары бир тирүү адамдын ордун баспайт.
-2
imanchik
2016-09-16 10:35:44
Эми ар кимге эстелик тургуза бергиле
+2
Sultanim
2016-09-16 10:38:22
Менимче жакшы ой.ошол эстелик кыргыз жигиттерине кээ бир нерселерге туртку болоор балки.
-2
ali88
2016-09-16 11:04:27
Эң кыргызым,чоңдорубуз эми ошол эстелик,аллея үчүн бөлүнгөн акчаны жебей,чыпчыргасын коротпой толугу менен жумшайт деп ким кепилдик бере алат?Ошол эже,карындаштарыбыздын үй-бүлөсү,жакындары,өмүрлүк жарлары,балдары кан жутуп,өксүп,кейип турган маалында 100 миңдеген акчаны айтып эстеликке,аллеяга кетти дешээр...
-2
take220281
2016-09-16 12:10:23
Эстелик Исламда арам.
+3
Anar_13-07-89.j
2016-09-16 16:41:13
Мурда да россиядан бир топ жарандарыбыз щвеяда иштеп атканда орттон коз жумушту эле ошолорду да кошуп коюшса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан