271 жыл мурун орус аскер башчысы, генерал-фельдмаршал Михаил Кутузов төрөлгөн. Ал 1745-жылы азыркы Петербургда жарыкка келген. Атасы өз мезгилинин мыкты аскер инженерлеринин бири болгон. Энеси Михаил туулгандан кийин кайтыш болуп, ал таенесинин колунда тарбияланган. Атасы Петербургга келгендин кийин аны өзүнө алган.
1767-жылы эски Собор мыйзамдар жыйнагынын ордуна жаңы мыйзамдар жыйнагын түзүүдө комиссиянын курамында иштеген. Мунун баары Кутузовдун аскер башчы катары калыптанышына чоң таасирин тийгизген.
1768-1772-жылдары жаш офицер орус-түрк согушунда П.И.Румянцевдин кол алдында кызмат өтөгөн. 1770-жылы июнда Рябая Могилада өткөн салгылашта өзүн татыктуу көрсөткөн. Ларг жана Кагулдагы кармаштарда да гренадер батальонун татыктуу башкарып, мунусу үчүн обер-квартирмейстер деген наамга татыган. Кутузов орус армиясына немис тартиптерин жайылтууга ачыктан-ачык каршы чыккандыктан, аны Смоленскидеги жөө аскерлер полкуна которушкан.
1801-жылы июнда жаңы император Александр I Кутузовду Петербургдун аскер губернаторлугуна дайындаган. Дайындалган кызматына жаңы эле киришкенде падышанын каарына кабылган. 1801-жылы сентябрда ал "ооруганына байланыштуу" деген калп шылтоо менен кызматынан четтетилген. Чынында, кызматтан кетишинин себеби генералдын өзүнө маалым болчу. Ал Павел Iдин кантип кайтыш болгонун жакшы билген. Генералдын билгендери падышаны чочулаткан. Ошентип, 1802-жылы Кутузов Горошки кыштагына кетип, ал жакта үч жылга жакын жашаган. Бул анын сүргүндө жүргөнү болчу.
Ошол арада Наполеон жаңы жерлерди ээлеп, Орусия, Австрия жана башка өлкөлөрдүн тынчын ала баштаган. Францияга каршы беш мамлекеттен - Орусия, Англия, Австрия, Швеция жана Неаполитан падышачылыгынан турган коалиция куралган. Орусиянын жоокерлери Австрияга жардамчы күч катары жиберилген. Аны башкарууга Кутузов дайындалган: башка ылайыктуу эч ким табылган эмес. Наполеон 1812-жылы 12-июнда Орусияга каршы согуш ачкан. 24-июлда Кутузов Петербургду коргонууга даярдамакчы болот. Биринчи жана экинчи аскер күчтөрүнүн башчылары Барклай-де-Толли менен Багратиондун ортосундагы ырксыздык, башкы башкаруучунун жоктугу жана башка бир катар жагдайлардан улам Александр I Кутузовду башкы башкаруучу кылып дайындаган.
14-августта Царево-Займищеге келип, аскерлердин абалын көргөн аскер башы артка кетүүгө буйрук берет. Бородино талаасына жеткенде аскерлер токтошот. Орустар ушул жерден душманын тосуп алмакчы болушат. 120 миң аскери бар орустар согушка даярданып, аскерлерин мындайча тизген: оңдо Барклай, солдо Багратион, ортодо генерал Раев туруп, 40 миң жоокер кошумча күч катары калтырылган. 26-августта Бородинодо Наполеон менен Кутузов бет келишип, катуу кыргын болгон. Наполеон оң тарапка кол салымыш этип, чабуул сол флангга жасалган. Канткен менен Багратион каршылашынын чабуулунун мизин кайтарып, бирок өзү оор жаракат алган. Бородино талаасындагы тиреште Наполеон аскеринин 44 пайызынан, ал эми Кутузов 36 пайызынан ажыраган.
Кутузов мындай жоготуулардан кийин артка кетүүнү туура көрүп, Москвага кеткен. 1-сентябрда Фили кыштагында аскер кеңешмеси өтүп, Москва алдында согуш болот-болбойт деп ары ойлонуп, бери ойлонуп, жыйынтыгында "болот" деп чечишкен. Кутузов аскер күчүн ээрчитип алып душмандарын айланып өтүп, Тарутино айылына кирет. Ошентип, француздар орус жоокерлеринин курчоосунда калышкан. Тарутино өзүнчө лагерге айланып, ал жерде жаш аскерлер атууга, тоскоолдуктардан өтүүгө үйрөнүшкөн.
6-октябрда француздар Москвадан чыгып, Малоярославец аркылуу түштүк аймактарды колго алууну көздөгөн. Тилекке каршы, жолдо аны орус жоокерлери күтүп алып, Смоленск жолу аркылуу качырышкан. Өздөрү артынан түшүп, Березина дарыясын өтүп бараткан жеринен француз жоокерлеринин таш-талканын чыгарышкан (болгону 9 миң адам дарыядан чыгып кутулуп кеткен). 6-январда Александр I Ата Мекендик согуш аяктагандыгы тууралуу жарлык чыгарган.
1812-жылдын декабрында орус аскер күчтөрү чек арадан өтүп, алардын катарына Наполеондун мурунку шериктештери прус жана австралиялык армия кошулган. Февралдын аягында Гамбург менен Берлин бошотулган.
Такай сапарда жүргөн Кутузов саламаттыгына чоң залал тийгизип алган. Ал 1813-жылы 16-апрелде Бунцлау шаарында көз жумган. Анын денесине чайыр сыйпалып, 25-июлда Петербургдагы Казань чиркөөсүнө коюлган.
16-сентябрдын жылнаамасы.