Кыргыз Республикасына Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Манас" Эл аралык аэропортуна учуп келген И.Алиевди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Алиев бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШнын мамлекет башчылар Кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн келди.