Бакиевге тиешелүү мүлк Атамбаевден табылдыбы?

Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу жаңы маалыматтар ачыкка чыгып жатат. Кечээ “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин аталган жер тилкеге ээ болуусу жөнүндө коомчулуктун күдүктүү ойлорун жараткан маалымат тараткан эле.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев өлкө башчынын жери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Сарпашевдин айтымында, бул жер 1999-жылы каттоого киргизилип, бул жылдан тарта анын айланасында сатуу-сатып алуу иштери башталган.

  • 1999-жылдын 27-июлунда "Дастан" мамлекеттик ишканасына 2,7 гектар жер берилген.
  • 2002-жылдын 9-декабрында бул жер Аламүдүн районунун кадастрында катталган.
  • 2004-жылдын 12-декабрында "Дастан" ишканасы 0,3 гектар жер тилкесин Султан Табалдиев аттуу жаранга 3 миң сомго саткан.
  • 2008-жылы 21-ноябрда Султан Табалдиев 0,3 гектар жерин Каныбек Табалдиев аттуу баласына өткөрүп берген.
  • 2008-жылы 24-декабрда "Дастан" мамлекеттик ишканасы "Артстрой-Дизайн" жоопкерчилиги чектелген коомуна 26 миллион cомго саткан.
  • 2010-жылдын 20-май айында "сатып алган тарап акчаны төлөгөн эмес" деген негизде соттун чечими менен жер “Дастанга” кайтарылган.
  • 2012-жылдын 4-апрелинде Каныбек Табалдиевден Анарбек Укуев аттуу жаран 2 миллион 333 миң сомго бул 0,3 гектар жерин сатып алган.
  • 2012-жылы 11-апрелде Анарбек Укуев 2,4 гектар жерди "Дастан" ишканасынан 22 миллион 537 900 сомго сатып алган. Ошентип, Укуев 2,7 гектар жерге ээ болгон.
  • 2015-жылы 19-мартта Укуевден 2,4 гектар жерди учурдагы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова 24 миллион сомго сатып алган.
  • 2015-жылдын 7-майында Ибраимова Укуевден калган 0,3 гектар жерин 2,5 миллион сомго сатып алып, бириктирип, бир Кызыл китеп алат. Ошентип, Ибраимова 2,7 гектар жерин толугу менен сатып алган болот.
  • 2015-жылы 12-майда Ибраимова жерди президент Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго саткан.

Учурдагы мэр ошентип 5 күн өткөн соң бул жерди президент Атамбаевге сатып 6 миллион 500 миң сом пайда тааптыр...

Бул окуядан 11 айдан кийин, 2016-жылдын 27-февралында Албек Ибраимов президенттин КСДП партиясынын сунушу менен Кыргыз мамлекетинин баш калаасынын мэри болуп шайланды...

Өмүрбек Текебаев бүгүн фракция жыйынында сөз болуп жаткан жерге 2008-жылы ээлик кылып калган “Артстрой-Дизайн” компаниясы Максим Бакиевге таандык болгонун айтты. "Убактылуу өкмөттүн декрети менен Максим Бакиевдин "Дастан" ишканасындагы 51,5 пайыз үлүшү мамлекетке өткөн. Ошону менен мүлк Бакиевдердики эмес, Кыргыз мамлекетиники болгон. Максим Бакиев Ширшовду 2007-жылы "Дастанга" алып келип, бир жылдан кийин Атамбаев үй салып жаткан жер сатылып жатат. Атамбаев 2011-жылы "Дастанга" Албек Ибраимовду алып келген. Ибраимов келгенден бир жылдан кийин ошол жер кайрадан сатылып жатат. Биз жердин сатылуу боюнча мыйзамдуулугун текшертебиз", - деди Текебаев.

Балким, документтер боюнча эч кандай маселе табылбастыр, бирок коомчулуктун көңүлүн бир нерсе ирээнжитти. Ал - кезинде Бакиевдер басып алган кыймылсыз мүлктүн учурдагы бийликке тиешелүү адамдар сатып алып, сатып отуруп аягында президент Алмазбек Атамбаевге токтогону. Ал жер Атамбаевге өткөн соң өзүн “Алмазбек Атамбаевдин досумун” деп атап жүргөн Албек Ибраимовдун баш калаага мэр болуп шайланышы...

Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” программасында президентке кайрылып “жакшылап издесең, мародёрлор өзүңдүн партияңдан чыгат, таппасаң мен жетелеп барып көрсөтөм” деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан