Бишкек шаардык мэриясы Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү "China Road and Bridge Corpоration in Kyrgyzstan" курулуш компаниясы менен Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоп-түзөө келишимине кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кытайдын курулуш компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде борбор калаадагы 49 көчө, 6 көпүрө Кытай өлкөсү бөлгөн гранттын эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Долбоор 3 баскыч менен жүзөгө ашырылат. Оңдолуучу жолдун жалпы узундугу 95 чакырымга жетет", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Долбоор Кытай өлкөсүнүн башчысы Си Цзиньпин менен президент Атамбаевдин жолугушуп сүйлөшүүсүнөн кийин башталмакчы.