Кыргыз Республикасына Армениянын президенти Серж Саргсян келди

Армениянын президенти Серж Саргсян саммитке катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Манас" Эл аралык аэропортунан Серж Саргсянды өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Эске салсак, саммитке Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышары белгилүү болгон. Отурумга Молдовадан премьер-министр, Өзбекстандан тышкы иштер министри, Түркмөнстандан биринчи премьер-министр, Украинадан элчи катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yakutiya-Mirnyi
2016-09-16 15:45:31
куш келипсинер президенттер!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан