"Мен Бишкекти сүйөм!" арт-долбоорунун алкагында борбор калаада 4-дубалга граффити сүрөтү тартылды

"Мен Бишкекти сүйөм!" арт-долбоорунун алкагында борбор калаада 4-дубалга сүрөт тартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кезектеги сүрөттү "BASICOLORS" арт-тобу Панфилов көчөсүндөгү №12-үйдүн дубалына тартты. Эскерте кетсек, долбоордун максаты - жаштардын кол өнөрчүлүгү, искусство жана маданият аркылуу Бишкектеги коомчулук мейкиндигин кеңейтүү. Бул граффити аталган долбоордун 2016-жылдагы акыркы сүрөтү. Аны тартууга сүрөтчүлөрдөн тышкары үйдүн жашоочулары да катышканы белгилүү болду.

"Бул долбоорго катышууну каалагандардын саны өтө көп болду. Каалоочулар жалгыз эле Бишкектен эмес, коңшу шаарлардан, Казакстандан да болуп жатат. Жашоочулардын активдүүлүгү, алардын сунуштаган сүрөттөрү уюштуруучуларга долбоорду кийинки жылы да улантууга түрткү берүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba_00
2016-09-16 17:09:18
3 D го озунчо эле, сонун тартыптыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан