СУПЕРСТАН: "Нике түнүбүздө жеңелерим "эркек болсоң чамда" дешкен"

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Алгачкы нике түнүбүздү жазабыз" деген тема талкууга алынууда. Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Той бүткөндөн кийин үйдө достор менен отургам. Жеңем кирип "аялыңыздын жанына кириңиз" деп айтты. Кирсем көшөгөнүн артында отурат. Кийимдерибизди чечип илип койдук, мен пиджак менен элем. Төшөктү бийик кылып салып коюшуптур, экөөбүз жатабыз, бири-бирибизге суроолорду берип коюп. Мен "кел эми" десем, "коркуп жатам" деп көпкө жаттык. Анан кыздын жеңеси "болдуңарбы" деп келиптир. "Жок" десем, "бол эми, эркексиңби..." деди эле, мен катуураак аракет кылып баштадым. Кийин жеңелери кирип, жуунтуп чыгып кетишти. Анан мен кирдим, суу куюп берди, жуунуп алып кучакташып уктадык".

"Биз жакта жеңелер шаштырбайт, шашпай эле эртең менен текшеришет. Түнү менен эркелешип, шаштырбай балкытып-эритип, анан шейшепти булгап коёбуз".

"Биз тарапта шейшепти эртең менен эле келип көрүшөт".

"Мен өзүм жакында кайниме жеңе болдум. Менин тоюмда жеңелери жадатып кире берип шаштырышкан. Ошону ойлоп, эртең менен кирип текшердим. Шаштырып күтүп эшик каккылагандын кандай мааниси бар билбейм. Мен өзүм абдан кыйналгам, бирок кыздарга бул күн жаман оор күн болот. Эркектерге деле кыйын, бирок бизчелик эмес".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Oylonkyrgyzym
2016-09-17 09:13:07
Кыргыздын эн жапайы салты бул.Мисалы менин суйуп алган жарым менен ортобуздагы мамилени эмне учун башка бироолор андыш керек?!
Такыр туура эмес деп билем мен муну.
Уят иш бул кошого андыган.
+48
bom.bon
2016-09-17 11:48:10
Oylonkyrgyzym,жапайычылык эмес ушул кундон коркуп копчулук кыздар намысын сактайт.бирок эртен менен текшерсе жакшы болсо керек.
-11
Rifle_S
2016-09-17 12:42:08
Эшик каккылап, бол деп шаштырган деле эмес. Ал жеңелериңер тезирээк кеткиси келип шаштырган окшойт.
-1
Rifle_S
2016-09-17 12:40:46
Жашоо ушундай салты менен кызык да. Кыздын кыз экенин кыздын ата энеси билиш үчүн , баланын ата энеси билиш үчүн жеңелерин ортого салат. Бул дегени таза кызды келин кылуу максатында текшеришет.
Кыз алгысы келбегендер, ата энесине кыз келин алып бергиси келбегендер ар нерсени айтышат.
Салт бекеринен салт эмес, ошону ата бабаларыбыз талап кылган.
+8
sultan89
2016-09-17 22:57:44
Rifle_S,ен туура жооп кошулам ушу
созуно
+3
bektemiroff994
2016-09-17 14:21:48
Oylonkyrgyzym,туура бул жапайычылык деп эсептейм менда !
+2
Adi.Avazbekov
2016-09-17 10:08:42
Magada jakbait andygan men uilongondo andai andytbaim bawynda ele koigula dep aityp koem
+7
Rifle_S
2016-09-17 12:43:21
Бул нерсе башка бир келет. Жеңесине айт тынчыбызды алба деп. Таң аткынча кучактап жатасың анан, шейшепти булгап койбо башка чүпүрөк алып ал.
-5
barakcha
2016-09-17 10:49:14
Ушундай салтты жон эле койушса.Же ошончолук эле кызык болуп атса женеси кошо кирип жатып алсын чогу эле(((
+22
sessa
2016-09-17 11:39:21
Кошмар го колдо андай салттар жок.эртеси женелерден бироосу тошок жыйнап,шейшепти жууп огородко корсотпой эле илип коет
+5
elli_88
2016-09-17 12:48:45
жапайычылык ужас биз жакта да андай жок тошогун да текшеришпейт.илгери болсо ладно салт экен. азыр ошону токтотуп эле коюсша келесодой болбой.
+4
mr.maks
2016-09-17 14:48:21
Ошол төшөктү калың, бийик кылып салып, эшиктен жеңелериң шаштырып, сен болсо жаңы келинчегиңди эркелеткенге тойбой жаткан бул да болсо өзүнчө бир доор. Кайталангыс көз ирмемдер! Бактылуу мүнөттөр.....
+7
Anar_13-07-89.j
2016-09-17 16:19:53
mr.maks, кайдан бактылуу болосун женелер болдеп эшикте андып атса келинчегин коркуп атам деп бербей атса элестет
+5
zamir_88
2016-09-17 16:38:17
Андайда тарс эле уруш керек кийинделе эркелете бересиң
+4
Emirulan
2016-09-17 16:49:28
Антип козуно шейшепти корсотуп койбосон кыз эмес болчу дешет да.
+5
Sajakat14
2016-09-17 16:21:34
Менин апам жеңемдин келин болуп келгенде нике түндөгү шейшебине кызыккан дагы эмес! Жеңем өзү эле жууп жайып койгон эртеси! Чоң эле кишилердин интимдик жашоосуна кийригишүү уят! Өздөрү билишет өз интимдик жашоолорун жубайлар.
+10
joni_91
2016-09-17 17:28:50
Бул салт кыргызга керек. Кыз озунун намысын сактап журуш керек.
-2
Churok
2016-09-17 18:02:08
joni_91,
куйоосу таза экенин билсе болдубу?
+4
muhsina
2016-09-18 08:37:27
Churok,Ооба да. Мен келгенде кайненеме жеңелер шейшепти сүйүнчүлөсө карабай койгон балам билсе болот деп. Ал биздин жашоо, биз билсек болду киришпесин деле деген жокпуз...
+2
nurmat.kg
2016-09-17 18:55:55
жогорудагы талкуу болуп жаткан тема
илгерки адамдардын жазылбай калган мыйзамы . ( 21-
кылым деп кыздыгын алданып алдырып
алган кыздарга ушундай салттар
чындыгында жакпайт моюунга алыш керек )
+5
sultan89
2016-09-17 23:05:22
nurmat.kg,супер жооп болду....
алданып кыздыгын алдырып койгондор
еми силерге ата бабалардан калган салттар
жапайычылык болуп калдыбы?
ошондой болбосо кенири ХХХ
дегениго дейм турмушка чыкканча дагы....
+1
admin_portal
2016-09-19 12:47:44
sultan89, этика нормаларын сактаңыз!
0
tatynaaiym
2016-09-18 00:37:17
Балдар силер уйлонгонго чейин эч Ким мн жатпай таза журосунорбу
+6
tatynaaiym
2016-09-18 00:43:08
Таза кыз алып 2кундон кийин ажырашып кетишет,не кереги бар андайдын.Кызды ээритип анан кылбаса кыз коркуп калып кийин интимдик жашоосу кыйын болот,эркектер деле биринчи жолу болгондо уят болуп каламбы деп коркуп стресс болуп шал болуп калышы мумкун
+1
tatynaaiym
2016-09-18 00:45:12
Таза кыз алгынар келсе силерда таза жургуло
0
_adil_
2016-09-18 16:46:18
tatynaaiym,Жененин бир жаксаны кайниникидегендей. Уйлонгочо уйронуш керекта кандай болот
+1
datkayimjan
2016-09-18 17:43:04
tatynaaiym,сен таза болсон,кыз да таза болот дейбизби жигиттерге
-1
Kroxa
2016-09-18 00:55:25
Колдо андай андымай салты жок,,эртен менен эле коруп жууп коймой,,Алайдан келин алып келип,кыздын женелери кошо келип чаламандын чак тушундо жаткырып байкебизди кууратып салттарын кылып кеткен бизде андай жок эле туну жатып шашпай баланын женелери эртеси коруп суйунчулойт:-):-):-)
0
nurmat.kg
2016-09-18 04:14:50
Kroxa, Силерде накта Узбектерче экен бизде Узбектер сен айткандай кылышат.
0
taalai9411
2016-09-18 18:19:28
Бул кун эчким билбеши керек кыз менен балалын ортосунда калыш керек жанылык кылып кереги Жок
0
admin_portal
2016-09-19 14:55:02
Shat.88, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан