Бүгүн, 18-сентябрда Өзбекстандын милиция кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодон чыгып кетишти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалым болгондой, кыргыз-өзбек Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө кыргыз тарапка расмий түрдө жарыяланды.
Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, 13-августта кармалган ИИМ кызматкерин бошотуу талабын коюп, кыргыз чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле жолугушууда Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну талап кылышкан. Алардын талабына ылайык, Өзбекстандын ИИМ кызматкери бошотулган. Мындан тышкары Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген эле. Ал эми өзбекстандык маалымат булактары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, “22-август күнү Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүрүп, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 жаран кармалды” деген маалымат тараткан. 8-сентябрда Үңкүр-Тоодон кармалган 4 жаран кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.