Турмуш - бул күрөш. Түрдүү түйшүктөргө чыдап, аларды жеңип чыгуу - бул күрөштүн бир түрү. Турмуштун оор сыноосун жеңип, алга карай кадам шилтеп кеткен адам - бул эрки күчтүү, аракетчил адам. Ал эми айрым адамдардын арасында тагдырдын татаалдыгына туруштук бере албай жеңил жашоо образын тандагандар бар. Кимдир бирөө спирт ичимдигин ичип, селсаякка айланып баратса, дагы бирөө денесин сатып, сойкулукка баш-оту менен кирип кеткен...
Денесин сатып, 3 уулун баккан Наргиза Эшкулованын (аты-жөнү өзгөртүлдү) бул жолго түшүүгө түрткү болгон тагдыры менен таанышып, маек курдук.
Наргиза Эшкулова Талас облусунун тургуну. Ал азыр 25 жашта. 17 жашында турмушка чыгып, 3 уулдуу болгон. Жолдошу менен ажырашып, ата-энеси каза болуп, жашоодо таянары жок, жакындарынан ажырап жалгыз калган.
"Жолдошум 17 жашымда ала качып кеткен. Башында жакшы жашап жүрдүк. 3 уулдуу болдук. Кийинчерээк жолдошум "сен иштебейсиң, даяр тамак жеп отурасың" деп ар кандай шылтоо менен уруп-сого баштады. Мен ал учурда балдарды карап үйдө отургам да. Жолдошума кошулуп кайненем да ар кандай шылтоо менен кагып-силкип, жасаган жумушумду жактырбай уруша берчү болду", - дейт Эшкулова.
СОЙКУЛУККА ТҮРТКҮ БОЛГОН АЖЫРАШУУ
Каармыныбыздын айтымында, анын жолдошу жаш кызды боюнда кылып коюп, эл арасында баш көтөрүп жүрө албай калган. Аялы менен жашап жүрүп, мындай кадамга барганына ичи ачышкан Наргиза кайын журтунун көргөзгөн кордугуна чыдай албай төркүнүнө баса берген.
"Көп өтпөй Бишкекке келдим. Бишкекте иштебеген жумушум калбады. Аз маяна алып иштеп жүрүп, тапкан акчам турмуштук керектөөлөрүмө жетпей кыйналып кеттим. 3 баланы кароо менин моюнума түштү. Атасы карабай кеткен. Алимент төлөтүп алайын десем нике кагазыбыз жок. Балдарды тоюндуруп, ичиндирүү оорчулукка турду. Ошол учурда курбу кызым ушул ишти (сойкулукту) сунуштап калды. Башында иштебейм деп жүрдүм, бирок кыйынчылык мени кыйнап жиберди. Акыры курбум менен ал иштеген жерге барууга туура келди", - деп кошумчалады Наргиза.
Ошентип, сойкулук кылып акча табууга аралашкан Наргиза бат эле оңой акча табууга көнүп кеткен. Ал өң-келбеттүү, сулуу болгондуктан, аны курбусу Бишкектеги "элита" деп аталган сойкулардын катарына кошкон.
АРУУ ТИЛЕК, ИШКЕ АШПАГАН МАКСАТТАР
"Сойкуларга аралашып жүрүп алардын катарында мугалимдик кесипти аркалап, медицина жаатында иштеп келген кыздарды көрдүм. Булардын баары алган маянанын аздыгынан улам ушул ишке барды деп ойлойм. Жалпы эл ойлогондой баары жаман эмес. Адамгерчиликти бийик койгон, аруу тилекте жашап жүргөндөр бар. Менин дагы бир кезде акушер-гинеколог болом деген максатым бар эле. Ата-энем каза болуп, тилектеримдин баары талкаланды. Жалгыз кыз болуп талаада калдым. Акыры апамдын эжесинин үйүндө сагалап калдым", - деп жашып алды каарманыбыз.
Наргиза сойкулук менен алектенип жүрүп "сойку" деген сөзгө көнүп калганын айтат. Бул чөйрөдө аралашып жүрүп түрдүү кызыктарды көргөнүн кошумчалады. Анын айтымында, Бишкекте 17-18 жаштагы кыздар да сойкулук менен алектенишет. Ал эми 10-11-класстын окуучу балдары келсе аларды кабыл албастыгын айтты.
ТҮНКҮ КӨПӨЛӨКТҮН ЖОРУГУ, АРАМ ТАМАК МЕНЕН БАГЫЛГАН НАРИСТЕЛЕР
"Биз күнү-түнү үйдөн чыкпай иштейбиз. Бизди "элитный сойкулар" деп аташат. Ошол сөзгө татыктуу болуш үчүн жуунуп-таранып, жасанып гана отурабыз. Жадакалса тамак жасап жебейбиз. Атайын кызматтардан пайдаланып, кафе, ресторандарга буйрутма беребиз. Түрдүү тамактарды алып келип беришет. Биз түнү менен кардарларды кабыл алып, күндүз уктайбыз. Ошондон улам бизди "түнкү көпөлөк" деп айтышса керек", - дейт Эшкулова.
Жетишпеген жашоодон улам денесин саткан кыздар көбөйүп жатат. Мунун баарына каарманыбыз өлкө башында турган чиновниктер күнөөлүү экенин айтууда. "Эгерде чиновниктер татыктуу жашоону түзүп берсе, миңдеген кыздар сойкулукка барбайт эле" деген оюн айтты.
"Бизди сойкулар, жаман кыздар деген менен, биздин кызматтан пайдаланган далай галстук тагынган кызматтагы адамдарды көрдүм. Алардын катарында өлкөгө белгилүү шоу дүйнөсүндөгү мырзаларды кабыл алып, кыйынмын деген телеалпаруучу жигиттерди да көрдүм", - дейт Наргиза.
"Опурталдуу жумушта иштеп, тааныштарым көрүп калбаса экен деп чочулайм. Жаман жолдо жүргөнүм балдарыма жетип калбаса деп корком" деген Наргиза быйыл 1-сентябрда 3 баласына 20 миң сомго мектеп формасын, окуу куралдарын сатып берген. Ал эми балдарына алдыда кышка карата кийим сатып алуу үчүн дагы иштеш керектигин айтат. Учурда Наргизанын балдары таежесинде тарбияланат.
Каарманыбыз ата-энеси каза болуп, турмушунан ажырашып, ысык очогу бузулуп кайгы чырмап жаткан оор абалда. Ал акыркы убакта тамеки тартууну үйрөнүп, кайгыларын эстегенде тамеки тартып жеңилдеп аларын айтты.
ТЫНЧТЫ АЛГАН РЕЙД
Наргиза буга чейин 3 ирет милиция кызматкерлери жүргүзгөн рейдде кармалган. Милиция алардын өздүгүн жазып, тактап, кайра эле көпкө кармабай коё берерин айтат.
"Биринчи жолу кармалганда милициялар журналисттер менен келишкен. Аябай катуу коркком. Кийин көнүп кеттим. Менин оюмча, милициялар үйлөрдө интимдик кызмат көрсөткөндөргө тийбей эле койсо болмок. Алар көчөдө топтошуп турган кыздарды кармай беришсин, анткени алар ачык эле кызмат көрсөтүп көчөдө жүрүшөт. А биздин эч кимге зыяныбыз тийбейт. Жума сайын текшерилип турабыз. Биз өзүбүздүн социалдык баракчабыз аркылуу кардар таап, үйдөн чыкпай иштейбиз", - дейт ал.