Жалал-Абад шаарында "Крутой" аталышында рейд жүргүзүлүп, 65 айдоочу айыпка тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жалал-Абад шаардык патрулдук милициясынын тескөөчүсү Нурлан Саркаров билдирди.
"Жол эрежесин бузуунун алдын алуу жана мыйзамдуулуктун сакталышын жөнгө салуу боюнча "Крутой" деген аталыш менен атайын рейд жүргүздүк. Аталган рейдге Жалал-Абад шаардык патрулдук милициясынын өздүк курамы толугу менен тартылды. Иш-чаранын алкагында 42 жол эрежесин бузган жаран кармалды. Мындан сырткары 7 мамлекеттик белгиси жок унаанын ээси айыпка жыгылды", - деп билдирди Саркаров.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө мас абалындагы 3 айдоочу, айнеги караңгылатылган 5 унаанын ээси кармалган. Ал эми 8 унаанын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Жалпысынан 15 айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулду.