Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайлары штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, көзөмөл-өткөрүү жайлары бүгүн саат 08:00дөн тарта штаттык режимде иштей баштады. Ошондой эле мамлекеттик чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда.
Айта кетсек, буга чейин Өзбекстан милиция кызматкерлерин Үңкүр-Тоого жайгаштырган. Мындан улам эки өлкөнүн чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайлары жабылган болчу. Кечээ өзбек тарап милиция кызматкерлерин Үңкүр-Тоодон чыгарып кеткен эле.