Учурда социалдык тармактарда мектеп окуучусунун автобуста эротикалык видео көрүп баратканы кызуу талкууга алынууда. Анда автобуста отурган окуучу кыз уюлдук телефонунан видео көрүп баратканы тартылып алынган. Видео өткөн жумада тартылып, интернетке жүктөлгөн. Ал эми казакстандык басылмалар бул видео Алматы шаарында тартылганын айтышса, Кыргыз жериндеги жергиликтүү басылмалар Бишкек шаарында болгонун айтып чыгышты.
Интернет колдонуучулары "Балдарыбызды көзөмөлдөшүбүз керек. Секелек кыздын көргөнүн көрүп уялып, коркуп кеттим", "Бул кичинекей эле кыз экен, эмне көрүп жатканын өзү деле түшүнбөй турат. Кокустан ошондой сайтка кирип калган да", "Апасы азыртадан карап, тарбия бербесе, мындай кыздан кандай эне чыгары белгисиз", "Жаш балдарга жөнөкөй эле телефон алып берүү керек" деген билдирүүлөрдү калтырышууда.