SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Аскердик кызмат өтөдүң беле?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" дегендей, жигиттердин аскердик кызмат өтөөсү - патриоттуулуктун эң негизги аныктамаларынын бири. Баарыбыз билгендей, биздин форумчу жигиттер жаза келгенде баары көкүрөк каккылаган патриоттор. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөлү, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөлү" дейт беле? Кана, форумчу жигиттер, аскердик кызмат өтөп-өтөбөгөнүңөрдү жаза кетсеңер".
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Чынын айтсам, аскерге барган эмесмин. Негизи, баргым келген, бирок үйдөгүлөр "окууңду окуп ал" дешкенинен, мектепти бүтүп эле ЖОЖго тапшырып калгам. Барам десем азыр деле кеч эмес, бирок ишти ким иштейт, мен кетип калсам?"
"Окуу деп жүрүп аскерге убакыт болгон жок. 9-класстан баштап жогорку окуу жайда 6 жыл окудум. Андан кийин өзүмдөн кичүүлөр менен аскерге баргым келген жок. Патриоттуулук сөзсүз эле армияга барууда эмес деп ойлойм".
"Мен аскерге баргам. Учурда аскердик жашоону улантып, аскердик окуу жайда окуп жаткан кезим".
"Мен коркуп аскерге барбай койгом. Ата-энем "барып кел, сенин эмнең кетет..." деп айтышкан, өзүм кетенчиктеп туруп алдым. Барганда деле качып келе берет элем. Барайын деген каалоом да, оюм да жок. Абдан коркокмун".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.