ЖЫЛНААМА, 19-СЕНТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 46 жашка толду

1970-жылдын 19-сентябрында Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты Равшан Жээнбеков Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетин, 1996-жылы Дипломатиялык академияны (Москва шаары) бүтүргөн. 2008-жылы Массачусетс технологиялык институтунда (АКШ) Слоун башкаруу мектебинде МБА даражасына ээ болгон.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде атташе кызматында иштөө менен баштаган.
1996-1997-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында консультант, андан кийин бөлүм башчы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы;
1998-1999-жылдары - чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болгон. 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары;
2001-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
2006-2007-жылдары - Малайзияда Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
2008-2010-жылдары - Түндүк Америкадагы (АКШ) Евразия университетинин департаментинин директору;
2010-жылы октябрда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.
19-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Salman777
2016-09-19 20:34:14
100 го чыгыныз ..
-1
Medina87
2016-09-19 20:42:56
Ою салмактуу саясатчынын Кудай бешенесине жазган омурун бейкуттукта суруусуно тилектешмин!!!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан