Алай районунун Гүлчө айылында 90 бала 2 жылдан бери ижарага алынган турак үйдө тарбияланат. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG порталына Гүлчө айыл аймагынын башчысы Болот Таиров билдирди.
"Балдарды бала бакча менен камсыз кылуу үчүн 2014-жылы октябрь айында бала бакча курууну баштаганбыз. Каржылоо республикалык бюджеттен жумшалмак болгон. Тилекке каршы, курулуш токтоп калган. Азыркы учурда кайрадан курулушту баштадык, анткени жергиликтүү бюджеттен 500 миң, республикалык казынадан 3 миллион сом бөлүндү", - деп билдирди Таиров.
Маалыматка ылайык, учурда аталган айылда 90 бала жеке менчик турак үйлөрдүн биринде тарбияланат. Айыл өкмөтү казынасынан ай сайын 5 миң сом ижара акы төлөп келет. Акыркы айларда жеке менчик ээси бала бакчанын ижара акысын 8 миң сомго көтөргөн.
Эске салсак, Гүлчө айыл өкмөтүндө 5 бала бакча бар. Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, 2 ай аралыгында бакчанын курулушу аяктайт.