Чаткал дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, Айбек Бекешов аттуу айдоочунун жансыз денеси кечээ, 21-сентябрда саат 12:00 чамасында Ак-Таш айылындагы көпүрөнүн астынан табылды. Аны туугандары алып кетишти.
Айта кетсек, 5-сентябрда Чаткал дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу изделип жатканы тууралуу кабарды окурман SUPER.KG порталына жөнөткөн. "Катуу ылдамдыкта келе жаткан жеңил унаа Чаткал дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде бир жүргүнчү болгон. Учурда айдоочу изделүүдө", - деп билдирген окурман.