Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматтары 2016-жылдын 8 айында 285 адамды куткарышкан

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматтары тарабынан 2016-жылдын 8 айында 285 адам куткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 8 айында 157 адам куткарылган. 8 ай ичинде жол кырсыгынан 69 адам куткарылса, 2015-жылы 59 адам куткарылган. Ал эми экстремалдык абалда 89 адам, 2015-жылы 8 айда 69 адам куткарылган. Ошондой эле көлмөлөрдөн 25 адам сакталса, 2015-жылы 29 кишинин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.

"Өлкө боюнча өрт кырсыгынан 102 адам куткарылган. Жалпысынан 705 адамга жардам көрсөтүлгөн. Анын ичинен 179 адамга дарыгерге чейинки жардам көрсөтүлүп, күтүүсүз жагдайга туш болгон 105 адамга ыкчам жардам берилген. 421 адамдын үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Куткаруу кызматтары тарабынан 6227 муктаж болгон адамга телефон аркылуу кеңеш берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан