ЭЛДИК ВИДЕО: "Экинчи аял алам деген эркектерге сабак болсун" дешет колдонуучулар

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Экинчи аял алам деген эркектерге сабак болсун" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Belle).

Видеодо биринчи аялы турганына карабай аны унутуп, көӊүлдөш күтүп, анын көзүн карап бапестеп калган эркек көрсөтүлөт. Күйөөсүнүн мындай кылыгы аялдын жүрөгүнө оор тийгенине карабай чыдап жүрө берет. Жадакалса бир күнү аялды үйдөн чыгарып коюшат. Бир күнү эркектин көӊүлдөшү үйдөгү акчаны, кымбат баалуу буюмдарды алып, башка жигит менен качып кетет. Бул окуядан соӊ видеонун каарманы жүрөк оорусу кармап, катуу ооруп үйдө жалгыз калат... Албетте, кандай кыйын кырдаал болбосун, канча көӊүл ооруткан сөздөр айтылбасын, биринчи аялы келип, күйөөсүн кайра бутуна тургузат. Социалдык тармактарда видеого карата "биринчи аялга эч ким жетпейт, экинчи аял алам деген эркектерге сабак болсун" деген билдирүүлөр айтылууда.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
HAPPY.GIRL
2016-09-22 11:04:05
Эркектер башынан откоруп анан отуруп калышат эмеспи,как будто не чего не было!!!
0
Abdurahman
2016-09-22 12:09:13
"Жаза" фильминин сценарийи го
+1
barakcha
2016-09-22 13:51:38
5кол тен эмес!
+4
89elnura89
2016-09-22 14:03:38
Да мен дале куйомду кечире албай келем,бирок балдарымы ойлоп буларга башка ата боло албашын билип баарын кечиргем.Бирок эч унуталбай койдум...Озунун тили кыска ушундай видеолорду чогу коруп калсак басып кетет.
+6
kgalik
2016-09-22 16:08:59
бул бир кино эле,
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан