Аксы районунда Үңкүр-Тоо боюнча өткөрүлүүчү митингге президент атайын кат аркылуу чакырылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда митингди уюштуруучулардын бири Жанарбек Надырбеков билдирди.
"Учурда президент чет өлкөдө дарыланып жатат деген маалыматтан улам атайын кат аркылуу митингге катышууга чакырган жокпуз. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаевди маалымат каражаттары аркылуу чакырып жатабыз. Эгерде бийлик 27-сентябрга чейин Үңкүр-Тоого кыргыз чек арачыларын коюп коргоого алса, анда митинг өткөрүүнү токтотобуз", - деди Надырбеков.
Аксы райондук ИИБинин башчысы Момуналы Добулбековго байланышканыбызда ал: "27-сентябрда митинг өтөрү белгисиз болууда. Бул митинг өтсө тынчтык, сүйлөшүү жолу менен өтөт. Бул үчүн укук коргоо органдарынан анчалык чоң күч талап кылынбайт, бирок көзөмөлгө алынат", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, 20-сентябрда уюштуруучулар Аксы районунун Кербен шаарында, мамлекеттик администрациянын имаратынын алдында Үңкүр-Тоо боюнча митинг өтөрүн жарыялашкан.