Атамбаев жайгашты делген мейманканада эң кымбат номердин баасы суткасына жарым миллион сомдон ашык (фото)

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жайгашты делген Түркиядагы беш жылдыздуу “Шератон” мейманканасында стандарттык эң арзан номердин бир сутка үчүн баасы 126 долларга (8665 сом)*, ал эми "люкс" класстагы эң кымбат номердин бир сутка үчүн баасы 8154 долларга (555 855 сом) барабар. Бул маалымат аталган мейманкананы туристтер үчүн сунуштаган интернет-баракчада жазылган. Аталган мейманкана Эгей деңизинин жээгинде жайгашкан, анда жалпысынан 398 номер бар.

Айта кетсек, 20-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы айтылган. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев болжол менен 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган. "Хаберлер" түркиялык басылмасы президент Түркиянын Измир шаарындагы "Шератон" мейманканасында экенин жазып чыккан. Бүгүн президенттик аппараттын айрым кызматкерлери Түркиядан Бишкекке кайтып келгенин, ал эми Атамбаев ал жерде 1-октябрга чейин калышы мүмкүн экенин билдирген.

*Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 22-сентябрына карата валюта курсу боюнча 1 доллар 68,7696 сомго барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (107)
Kanzada97
2016-09-22 18:00:41
Бул жакты карасам бут баары президентти жамандап жазып атышаттар себеби бул жер президенттин баракчасы эмес. а инстаграм га кирсен Атамбаевдин баракчасыга бут баары жалан жакшы создорун жазыптырлар коркконунан жазышабы деп ойлойсун
+12
Frunze74
2016-09-22 18:13:47
Kanzada97, кап десе, мен инстаграмда жокмун да болбосо Атамбаевке элдин тилегин жеткирип коймок экенмин "Алмаз Шаршенович, сиз конечный пунктка келип калдыныз (сиз жургон поезд конечный остановкага токтоду), озунуз билип тушуп калыныз, поезд дальше депого журот, депочулар "жегичтерди" жактырбайт, алар "экстерди" токмоктоп Москва же Минск поездине салып жибергендей сизди да Стамбулга "в один конец" билет менен жонотуп жиберишпесин" деп айтмакмын.
+17
gul3ina
2016-09-22 18:39:26
Ажап болуптур суйунчу берелиби
-14
daniel87
2016-09-22 18:48:33
Кыргызстандан кээ Бир жердештерибиз дагы да болсо умутун озгортбой ,кобу тунулуп кетишкен талаалап бизде элди ,олконун тагдырына бири кызыкбайт баарын баары бир,элдерибиз Россияда ар жерде иштеп оз Уй булоолорун багып жатышат,окмоттон умутторун узуп оз алдынча жашоого аракет кылып жашап жатышат
+7
kubat_73
2016-09-22 19:13:04
Эмнени кыйратканына эс алат бали дегидей бир кызмат кылса боло.Европанын президент министрлери жонокой жерде дарыланып трамвайда эле журушот олуп кетпей эле.Ооруган адам мейманканада жатабы ооруп этпей эле былыгы чукула баштаганда качканбы дейм.Ал эми интернеттеги видео жон эле показуха окшойт озун байкуш корсотконго
+9
frunze777
2016-09-22 20:44:26
kubat_73, Атамбаев "таланттуу" да, "чымыны" бар го унуттунбу?...:)
+7
vangolu
2016-09-22 19:27:25
Ушунча болду Гавай аралдарына кетсе болмок.Жарашат Ханыбызга.Бекерчи ушакчылар неблагодарныйлар ичинер куйкаланып туз жалагыла.Миллион минус баскыла.Атамбаев мыкты адам.Он Царь.Он Король!!!
-9
aash
2016-09-22 19:59:21
vangolu,Атамбаев Кыргыз Республикасынын президенти. Мен президентимди сыйлайм жана ден соолук каалайм.
-10
frunze777
2016-09-22 20:40:44
vangolu, эми Атамбаев сен учун Кудай да болушу мумкун бугун-эртен анын этегине сыйынып баштасан...

Ал эми 6 миллион карапайым эл учун Атамбаев "АРТИСТ", ал лакапты эл эмес, Атамбаев озуно озу тандады... Эми биз эмне дей алмакпыз ырдаган ыры да, баскан-турган, суйлогону да "ошол" болуп жатса...


Элибизде "эшекке алтындан жабуу жапсан да эшек бойдон калат" деген калетсиз туура айтылган лакабы бар... Кеп торкунуно тушунгондор баамдар...
+7
cico
2016-09-22 19:57:17
Туура эмес маалымат экен мен дагы резервасионго кирип кордум 4660$ экен эн кымбаты
-6
admin_portal
2016-09-22 21:54:47
cico, бул маалымат аталган мейманкананы туристтер үчүн сунуштаган интернет-баракчада жазылган.
+5
Bekzamann
2016-09-22 20:21:46
Неси болсода президентибиз ага ден-соолук каалайм. Президент болгондон кийин жакшы мейманканага баратда анын эмнеси бар экен.. Батыраак айыгып жакшы иштерди жасай бериниз сизге ден-соолук каалайм! Баса сизден сураныч кыргыз деген улуттун статусун бийик которунузчу антпесек оз олкобуздо башка улуттар оолугуп кетишти... Сиздин саятынызды колдойм Ош окуясын уюштургандарды жазалаш керек!
-8
frunze777
2016-09-22 20:50:15
Bekzamann, озунун да тиешеси болсочу... К.Батыров Текебаевдин да, Атамбаевдин да, Отунбаеванын да атын атабады беле?!...
+7
RaHat19
2016-09-22 21:25:16
интернет чыгып калып эле эл уканын жарыялап жиберип жатпайбы болбосо мурункулар эмнени кана кылган жок.Алмаз Шаршенович аман эсен айыгып кетиниз.Сизчелик эчким аракет кылган жок кыргыз эли учун.
-11
Mercedes202
2016-09-23 00:07:31
Мистер Президент эртереек сакайып кайтып келиниз биз сизди кутобуз!
-10
Mercedes202
2016-09-23 00:13:49
Турциядагы отельдин эн кымбаты десем да таппадым бул инфону кайдан окуса болот же силерге Асан айттыбы суперлер?
-5
Nazikbaigazy
2016-09-23 01:14:06
Куйбогон жерим кул болдуго, кыргыз калкым кандай гана кыйынчылыкты башынан откоруп жашап жатат, жада калса бир кесим нанга зар болгондор бар, ушунун баарын Атамбай коруп туруп миллиондорду суткасына чачып жатат, ал миллиондогондор биздин акча, биздин билгенибиз ушул билбегенибиз канча, ошонун ордуна Бишкекти гул кылып койбойбу, жолду нормально ондоп койбойбу, президенттер келсе карагайды краскалабай, калыбына келтирбейби, эх аллахым каргызга куйо турган мекенди суйо турган президент жонотчу.
+4
admin_portal
2016-09-23 09:43:27
FSB, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! Эскертүү! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
-1
AykaMer
2016-09-23 15:32:54
Тообо,ден соолук каалап койгондун ордуна олуп алдынар го бир жолу акчасына асылып... Алды артынарды карап ойлонуп жазсанар боло! Кокус ооруп калсанар дароо эле тв га жарнама бересинер операцияга акча керек жардам бергиле деп элге,чондорго кайрылып каласынар. Ал эми ажобуз ооруп калса каалоо тилек айтканга да заподло болуп калдыбы?... Аман эле болгула да...
0
AykaMer
2016-09-23 15:51:26
Россиядагы мигранттарды Атамбаев Кыргызстандан айдап мени баккын деп айткансып жазыпсынарда. Алар оздору учун кетип жатат. Кр да деле иш толтура,просто акчасы коп деп эле кетип жатышат да Россияга,мисалы дыйканчылык кылсын,фермер болсун,чакан бизнес ачсын ушундай иш кылалбайбы,анда кете берсин Россияга,ал озунун иши,Атамбаевди куноолобой эле койгула. Бишкек-Ошто швея толтура,кафе-ресторан тыгылат,Автомойка,дворник толтура ушундай иштер жаштар барып иштегиле. Бироонун жерин шыпырганча,озубуздун
-1
bib
2016-09-23 23:25:43
Карасан бироого кор бироого зар деген ушу да устубуздо уй жок мындай кыргызстандагы айлык маяна менен 20жылдада биз уйго жетпейбиз ошол мейманканага кеткен акчаны бизге бир комнат уй болсо деле алып берсе ыраазы болот элем кээде туруп тажап кетем ушу жашоодон кызым учун Гана жашап аракет кылып келатам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан