Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте "Пиратка жол жок-2016" акциясы өткөрүлөт. Акциянын уюштуруучуларынын бири, ырчы Гүлнара Тойгонбаева коомдо болуп жаткан пираттык көрүнүштөр, авторлордун укугу тууралуу маалымат жыйында буларга токтолду: "Пиратка жол жок" концерт акциялары жыл сайын өтүп келет. Бул нерсени бир жылда бир маал эмес, ар убак өткөрүп туруш керек деп ойлойм. Авторлордун эмгегин, талантын бааласаңыздар, лицензиясы бар дисктерди сатып алгыла дегенди ар бир адамга жеткирсек. Менин ырларымды аранжировкалап, тойлордо ырдап жүргөн жаштар бар экен, бирок менден келип уруксат сурашкан эмес. Жок дегенде келип уруксат сурап же айтып коюшса жакшы болмок. Учурдагы пираттык уурдоолор кадимки көрүнүш. Биздин өлкөнүн экономикасы жогорулап, коом өзгөрсө, бул нерсе акырындап жоголот деп ойлойм".