Бишкекте мамлекеттик тилде бир да сөзү жок коюлган жарнамалар бар

Бишкекте мамлекеттик тилде бир да сөзү жок жарнамалар бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде одоно ката менен жазылган жарнама такталары табылган.

“Кыргыз тилинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү азайтууга болгон аракетибизди жумшоодобуз. Бирок жарнама берүүчүлөрдүн мыйзамды сыйлабаганы жана аларга айып салууга же кескин чара көрүүгө мыйзамдын жол бербегени кейиштүү”, - деди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, терминология, жарнама жана маалымат иштери бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов.

Эске салсак, Бишкек шаарында 23-сентябрда мамлекеттик тилдин 27 жылдык салтанаты белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samsungc3
2016-09-22 16:08:38
Оздору жогоруда отуруп алып жыйын болобу, сот болобу орус тилинде суйлошсо каяктан кыргыз тили онугот эле. Балык башынан ...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан