ӨКМ: Жети-Өгүздө сууга түшүп кеткен унаанын ичиндеги 9 адамды куткаргандарды сыйлоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында сууга түшүп кеткен унаанын ичиндеги 9 адам эс алып жүргөн жарандар тарабынан куткарылганын Канат Аманатов аттуу интернет колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына бүгүн, 22-сентябрда жазды.

Анын айтымында, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жардамга кол сунган жарандарга өкмөт тарабынан көңүл бурулушу керек.

Порше Кайен үлгүсүндөгү унаа Чоң-Кызыл-Суу айылындагы сууга түшүп кеткен. Унаанын ичинде 9 адам болгон. Алар жардам күтүп бир сааттай туруп калышкан. Ошол учурда эс алып жүргөн 16 жаштагы Айдар Өмүр уулу жана “Кумтөр” ишканасынын кызматкери достору менен бирге өз өмүрлөрүн тобокелге салып, унаанын ичиндеги адамдардын өмүрүн сактап калышкан. Өкүнүчтүүсү, аларга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жабырлануучулар да эч кандай ыраазычылык билдиришкен эмес”, - деп жазат Канат Аманатов.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Элмира Шерипова: "Жети-Өгүздө сууга түшүп кеткен унаанын ичиндеги 9 адамды куткарган жарандарды сыйлоо боюнча "Кумтөр" ишканасы менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп билдирди.

Айта кетсек, жогорудагы кырсык үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arslan12
2016-09-22 17:06:23
Куткарылган адамдер деле убагында сыйлап койсо болмок экен, кымбат машинаны мингенди билишет, адамгерчилик деле керек да озу! Мен болгондо машина мингизе албасам да ат мингизмекмин жашоом учун.
+4
Elusha88
2016-09-22 17:51:58
Туура, эскертпесе унчукпай эле калып кетишет.Жонеле сыйлык кагазын тапшырып койбостон, акчалай кылышса жакшы болот эле.Оз омурлорун тобокелге салып жардам корсоткондор машина белек кутуп жаткан жери жок болсо керек!Окмотго мэйли, куткарылган адамдар деле таап , адам катары ыраазычылыктарын айтып койушпайбы!
+1
altynai.almazova
2016-09-22 21:35:33
Сактап калганы го жакшы. Анан оз омурлорун тобокелге салып, тимеле "Жардам бердим.сыйлык" деп не кереги бар. Кылдынарбы, милдет кылбай кылгыла. Аллахтан кайтат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан