Кант шаарында "Кыргыз тилим - өз тилим" аталышындагы маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына №4-мектеп-гимназиянын директору Махабат Молдошова билдирди.
"Мамлекеттик тилдин 27 жылдык салтанатына карата Кант шаары менен шаардык маданият бөлүмү биргеликте кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүн жайылтуу максатында маданий иш-чара өткөрдүк. Мында башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде ырдап, сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Ошол эле учурда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр тартууланды", - деди Молдошова.
Маалыматка ылайык, салтанаттын жүрүшүндө "Кылым карыткан тил" деген аталышта көргөзмө уюштурулуп, көргөзмөгө окуучулардын колунан жаралган дубал гезиттер, сүрөттөр жана кол эмгектер коюлган. Мындан сырткары башка улуттун өкүлдөрү "Манас" эпосунан үзүндү айтышты.
Ал эми Кант шаардык мэриясы "Кыргыз Республикасын өнүктүрүүдө менин кошкон салымым" деген аталыштагы сынак уюштурган.