Марк Цукерберг түрдүү ооруларга каршы күрөшүү үчүн илимий изилдөөлөргө 3 миллиард доллар бөлүүнү чечти

Дүйнөдө Анжелина Жоли менен Брэд Питтин ажырашуусу кызуу талкууга алынып жаткан учурда Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг өзүнүн маанилүү жумуштары менен алектенүүдө. Анын "Wall Street Jornal" басылмасына берген маегинде ал аялы Присцилла Чан менен алдыдагы 10 жыл аралыгында түрдүү оорулар менен күрөшүү үчүн 3 миллиард доллар бөлөрүн айткан.

"Биз ооруларды дарылоо үчүн олуттуу илимий изилдөөлөргө акча каражатын которолу деп жатабыз. Ошондой эле жаңы муундун жашоосун жакшыртып, эч ким бул дүйнөдөн капалуу өтпөсүнө ишенгибиз келет", - деп билдирген П.Чан.

Түгөйлөр алгач Сан-Франциско, Беркли, Стэнфорд жана Калифорния университеттериндеги окумуштуулар үчүн лаборатория салууга 600 миллион доллар бөлүүдөн башташат. Цукербергдин планы боюнча, жаңы медициналык иштеп чыгуулардын таасиринен адамдын орточо жашоосу 100 жылга узарат.

"Бул деген эч качан эч ким оорубайт дегенди билдирбейт. Бирок адам баласы ооруларга каршы тура алган абалда болушу керек", - деген М.Цукерберг.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdurahman
2016-09-23 09:51:35
Мужик экен. Биздин чондор элдикин жеп атса бул бешене тери менен акча таап элге жедирип жатат. Кудайым жакшы максаттарын кабыл кылып, иштерин ийгиликтуу кылсын!
+13
barakcha
2016-09-23 10:01:51
Тилегине жет!
+9
modem4999
2016-09-23 10:17:29
Акыл эс ,илим билим,журокторуно ыйман толгон адамдар.Бар болгула!
+7
AKCAHAT
2016-09-23 10:54:56
modem4999, негизи мындай соз барго . Ыйманы бар ынсабы жок, ыйманы жок ынсабы бар дейт. Ошол как раз бизге айтылган . Бизде кудай колдосун, тообо деп алып билген намазын окушат жеп ичип элди тоношот , ынсаб жок. Ал эми бул еврей ыйманы болбосо да канчалаган тирик жандарды сактап калууда. Негизи ишенимде кеп эмес адам бойдон калыш керек.
+1
gena_alai
2016-09-23 10:51:49
Биздин мамлекеттин тышкы карызы 3миллиард доллар болуп кетти деп коркуп жатабызго...
+6
Abdurahman
2016-09-23 11:07:01
Андан коро биздин карызга берсин. 5 миллион адамдын сообуна калат эле
+5
rukopashnik
2016-09-23 11:36:19
Abdurahman,ал 3 миллиарддыда биздикилер сен көр мен көр деп сиңирип салышат,буга чейин ага окшогон миллиарддардын канчасын сиңирип салышты аны бир гана Кудай анан өздөрү билишет...
+2
bekhaliev
2016-09-23 11:27:29
Урматуу Марк Цукерберг сенда КРГ келип биздин жепжутарлардын оозуна тукуруп кет.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан