СУПЕРСТАН: "Демократия адамзатты бузуп жатат"

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Демократия бизди кайда алып баратат?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Кыска ойлуу демократтар" өздөрүн "демократпыз" дешет, бирок кыйратып демократ боло алышпайт. "Мусулманбыз" дешет же мусулманчылыктын "М" тамгасын билишпейт, парздарын аткарышпайт. Кээ биринин ойлоруна койсоӊ, үй-бүлөлүү келиндерди эски жигиттери менен байланыштырып, жигиттери жокко жигит таап берип, жашоолорун ыплас болгон, эркин демократиянын жаркын жашоосуна чыгарып коёт. "Демократия" деген ыплас терминди жамынып алышып жаш муундун эротикалык чөйрөгө эрте аралашуусу, кыз-келиндер ата-кайната, ага-кайнагаларынын жанында жарым жыӊалач кийинүүсү, ушул сыяктуу нерселер бузукулукту жайылтып жатат. Кээ бирөөлөр мындай нерсени түшүнбөй, аны менен сыймыктанып жүрүшөт".

“Азыркы замандын эли демократия деп өздөрүн алдап гана жок болуп жатышат, байкуштар”

“Чындыгында, демократия адамдарды бузат экен. Кээ бир мамлекеттердин атактуулары бир жыныстык катнаштарга эле барбастан, үйлөнгөнгө чейин барып жатышат. Кытайда АКШлык элчи кытайлык эркек менен үйлөнүп алды деген маалыматтарды окуп калдык. Ушулардын баары демократияга келип такалууда деп ойлойм”.

“Жаш балдарга порносайттарга кирүүгө, көрүүгө кайсы демократиялуу өлкө уруксат бериптир? Бардык сайттарда "18+" деген эскертүү бар. Кээ бирлери катталбасаӊ көрсөтпөйт. Ал сайттарды тосмолоого болот, бирок ата-эне жаш балдарына тарбия берип, телефондорун көзөмөл кылуусу керек. Мындай көрүнүштүн баарына демократияны күнөөлөгөнгө болбойт. Кыргыз Республикасын демократиялуу өлкө дебей, Ислам республикасы деп жарыялап, ошонун негизинде жашаган күндө да ата-эне жаш баласына телефон алып бербей койбойт. Ошондо көрүүнү каалаган жаш балдар ар кайсы сайттарга кирип көрө беришет”.

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aliko78
2016-09-25 15:20:22
Демократиянын жеткен чеги ушул: законду уруп ойнобой калдык, токтуктан шоктук пайда болду, кыскасы бул нерсе биз үчүн эмесго чамасы.
+10
Riokyrgyz
2016-09-25 15:28:13
Демократиян курусун.батыштагылар эн демократиялуу олко деп мактап жакташат.бирок озулору кимдер.бизди кандай адамдар мактап жатат.себеби эмнеде.мына демократиянын атасы болгон Америкада энеси Европада эмнелер болуп жатат.атысы кызынан кызы атасынан уялбай калды.атасыга турмушка чыгып алды.ачык эле уят жерлерин корсотуп калды.гейлер кобойду.булар адамзатты эч качан туз жолго алып барбайт.
+8
Aser80
2016-09-25 15:37:11
Riokyrgyz, Андай ыплас нерселер Кыргызстанда деле чыгып, андан жабыркаган адамдарды ошол Сиз айткан АКШ каржылаган уюмдар коргоп жатат го.
-4
aziziko
2016-09-25 19:47:39
aliko78,Демократия бул законду бузуу эмес . Бул кыргыздардын эч кимди укпаган эч кимге ээ бербеген тойго барса столдун баарын шыпырып кеткен ээн баш ач коз калк дегенди бидирет
-2
Aser80
2016-09-25 15:26:31
Коп мамлекеттер анын ичинде Кыргызстан да чыныгы демократияны куруп АКШ, Европа же алардын союздаштары Ю.Корея (С.Корея эмес), Япония ж.б.у.с. олколордой бакубат-жыргал жашагысы келишет. Бирок жашоо корсоткондой бардык эле мамлекет демократияны озундо кура алышпайт экен, б.а., бул ар бир мамлекеттин эле колунан келе бербейт экен. Ал эми, АКШ порно_гомо_лесби болуп кетти дегендер бул ото эле аша чаап кеткендик. Андайлар бизде деле башкаларда деле чыгып жатпайбы.
+6
elmurat.kg
2016-09-25 15:27:36
демократиянын аты эле бар
+6
Aser80
2016-09-25 15:30:58
Интернет-видеолордо "+18" деген белги, ал эми компьютерде "родительский контроль" деген прог-ма бар, бала кандай сайттарга кирип, эмнени коруп жатат бут текшерип, козомолдоп турса болот. АКШны жаман деп майга жетпей сасык деген олколорду оздору кандай жашап атат коруп эле жатпайбызбы
-2
Riokyrgyz
2016-09-25 19:14:28
Aser80,порнолорду -18 эмес.18+ тар да коргонго больойт.Арам Арам Арам.куноо Куноо Куноо.мага демек 200го чык .300го чык бирок порно корбо.чон куноо болот.
0
aianaaiana
2016-09-25 15:39:48
Демократия бул деген сенин айлана чөйрөң урап кыйрап алай дүлөй болуп турганда өзүңдү Ч.Атматов айткандай адам боюнча сактап калсаң мына ошо демократия. Бул ар бир адамга тиешелүү анткени заманаң бөрү болсо бөрү бол түлкү болсо түлкү бол дегендер жаңылышат
+7
Aser80
2016-09-25 15:41:31
Катуу айтсам кечиресиздер, Кыргызстан демократияга эч качан жетише албайт го чамасы. Бизде баягы эле феодализм, бай-манапский менталитет. Бийликте коррупционер адамы болсо, анан бирдеме болуп анын былыгы чыкса биздин айылдын кулуну деп жол тосмой, аны коргоп Ак уйдун алдына митингге чыкмай, коррупция, тууганга-жердешке тартмай, болунмой ж.б.у.с.
+3
Riokyrgyz
2016-09-25 19:15:22
Aser80,и жетпей эле койсун.демократияга
-1
aziziko
2016-09-25 19:52:39
Aser80, Туура айтасын . Демократия Кыргызстанга жарашпайт . Демократиянын жолун тандаш учун 5000 мин жыл артка кетип кайра Кыргыз деген улут пайда болуш керек .
0
Revolyutsiya
2016-09-25 16:52:04
Батыштын (дуйного, анын ичинде бизге да) тануулап жаткан демократиясын Американын гамбургерине салыштырып келемин. Гамбургер бир караганда аппетитти ачат, тамшанып жейсин, бирок анын зыян, арзан тамак экенин кобу элес албайт. Копчулук батыш олколорундо гамбургер жакыр жана орто катмардын тамагына айланды, гамбургердин составында ашыкча холестирин ж.б. звяндуу заттар болуп ашыкча семирууго ж.б.ооруларга алып келет.

Демократиясы да ошондой, арзан, пайдасынан зыяны коп!!!
+5
Revolyutsiya
2016-09-25 16:56:52
Мисалы демократиянын негизги компоненттеринен бири бул шайлоо. Бирок Кыргызстанда 25 жылдан бери канча шайлоо жана референдум болсо, бири да таза отподу. Азыркы 120 депутаттын 95%ти акчалуу, капчыктуу бай-бизнесмендер, бийликке келип байлыгын дагы да кобойтууну максат кылган. Батышта деле шайлоолорго ото эле коп акча сарпталат, б.а. ДЕМОКРАТИЯ шайлоо аркылуу байлардын бийликке келуусун шарттайт.. Болбосо АКШдай капчыктуулар каржылаган 2 партиянын саясатын жургузчулор келет бийликке..
+8
Aser80
2016-09-25 17:41:06
Сен таза болсон, мен таза болсом анан коом да тазарып акырындык менен демократия орноп (демократия болбосо же андан да баалуу) мамлекет оз бутуна турат. Анан сен таза болбой, озун тазарбай туруп башкаларга акыл айтып журо берсен, анда мамлекет Конституция боюнча демократиялык, а иш жузундо феодалдык, эски бай-манапский, келечеги жок мамлекет боюнча эле калат.Бардык нерсе озубуздон туугандар. СССРди жаман дедик, эми демократия жакпаса. Жага турган нерсеге жетиш учун улуттук онолуу-тазаруу керек.
+2
Riokyrgyz
2016-09-25 19:16:26
Aser80,демократия эч качан баалуу болгон эмес.демлкратия сен экообуздун тубубузго жете турган каапырлардын куралы
0
Bekish-kg
2016-09-25 20:45:52
Демократия эмес бул,а баш аламандык.Демократия элдин минталитетине жараша болот.Силер демократияны тушунбой эле,биз жашапап жаткан же Америка жашап жаткан жашоону демократия дейсинер,демократия мындай болбойт.Эмне,комунизмде элдер Туура журуп,комунист болуп кетиштиби эле же феодализмде же анархияда элдер жыргап жашап жатабы?Кайсыл система болбосун Эл тынч жашап кыйратбайт.Исламизмди озунор коруп турасынар,тынчтык жок аларда,кунуно олум,теракт.Эгер демократия болбосо ,улуттун система жакшы.
-1
Bekish-kg
2016-09-25 20:46:16
улуттун система(национализм)
-2
Bekish-kg
2016-09-25 20:47:05
Япониянын системасы,улуттук демократия.
-1
kubat_73
2016-09-25 21:22:54
Мага маселен Адахан Мадумаровдун демократиянын энеси менен атасы Кыргызстанда болсо дагы токтотуш керек мындай бардакты деген созу жагат.Чындап эле демократия бизге жарашпайт ага жамынып кайда барба митинг пикет аялы куйоосун баласы атасын укпайт.Эркиндик деп ээн ооздукка конуп билгенибизди жеп оозубуздан ак ит кирип кара ит чыгат.Кочодо жыланач тамеки тиштеген кыздар гей лесбияндар сакалчан террористтер каалагандай журот козомол кылган эч ким жок.Мындай демократия кереги жок бизге.
0
elmurat.kg
2016-09-25 23:45:17
озбекстандын тартиби болсобу эл онолот ошондо
0
AKCAHAT
2016-09-26 09:53:51
Демократия силер айткан батыш же америка эмес. Бул адамдардын дини расасы улутуна карабай жынысына карабай тен укуктуулугу эркиндиги. Силер айткандар баш аламандык тушунбостук.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан