Баткен шаарындагы Бужум-Баткен каттамындагы маршруттук таксинин эшиги жабылбагандыктан, аны жип менен байлап жүргөн айдоочуга 1000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен аймактык транспорт башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүлүп, анын натыйжасында "Баткен-Пирим" ишканасына тиешелүү Мерседес Бенц 310 үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусуна Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин негизинде 1000 сом айып пул салынды. Азыркы убакта аталган кичи автобустун техникалык абалы оң экени баса белгиленди.
Айта кетсек, 22-сентябрда окурман: "Баткен шаарындагы Бужум-Баткен каттамындагы маршруттук таксинин эшиги таптакыр жабылбайт, айдоочу аны жип менен байлап жүрөт", - деп "ЭЛДИК КАБАРга" маалымат жөнөткөн. Ал: "Жип менен байланган эшик жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кепилдик бере алабы? Тиешелүү органдар көзөмөлдөп коюшса болмок, адам өмүрүнө ушунчалык да кайдыгер болушабы?" - деп нааразы болгон.