ЖЫЛНААМА, 26-СЕНТЯБРЬ: 24 жыл мурун сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов көз жумган

Мындан 24 жыл мурун сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген, ошол кездеги сейрек кездешкен поликистоз оорусунан көз жумган. Ал төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок төрөлүп, экинчи бөйрөгүнүн ордуна майда бир нече бөйрөктөр иштечү.

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылдын 9-ноябрында Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1953-1958-жылдары Фрунзе көркөм окуу жайын аяктаган, 1964-жылы Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы Сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн.
Сүймөнкулдун чыгармачылык таланты эки багытта өнүгүп келген. Сүрөт тартуу боюнча көп эмгектенип, кино жаатында да көптөгөн фильмдерде ийгиликтүү актёрдун жүзүн көрсөткөн. Анын "Караш-караш" кинофильминдеги биринчи чыгышы, ошондой эле андан кийинки ролдору да белгилүүлүктү алып келген.
Сүрөтчү катары Сүймөнкул Чокморов пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портретке өзгөчө кызыгуу менен караган. Анын каармандары негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Ал улуу манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн эки жолу тартып, динамикалуу, таланттуу акындын образын ийгиликтүү жараткан (С.Каралаев. Портрет, 1971-жыл, 1974-жыл). Ошондой эле актёр Советбек Жумадыловдун (1971-жыл), Кыргыз ССРинин Эл артисти Алиман Жангорозованын да сүрөттөрүн жараткан (1973-жыл). Өзгөчө көңүл жана жылуулук менен "Апа" (1967-жыл) жана "Менин балам" (1972-жыл) образдары сүрөтчүнүн колунан жаралган.
Чокморовдун чыгармачылыгындагы эң маанилүүсү чет өлкөлөрдөгү атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсү болгон. Япон жергесиндеги киноискусствонун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө япон кинорежиссёру Акира Куросава жана актёр Тосиро Мифуненин, италиялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан. Улуу таланттын артында 400дөй живопись эмгектери жана 20 фильмде жараткан эң мыкты образдарды калган. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталган.
Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1990), ВЛКСМ жана Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку Кинематографисттер биримдигинин "Эркектин эң мыкты ролу үчүн" дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978), ошондой эле Кинематографисттер жана Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Орто Азиядагы жана Казакстандагы VIII кинематографисттер кароо-сынагынын "Караш-караш" кинофильминде эркек ролун эң жакшы аткаргандыгы үчүн диплому (1969-жыл, Алматы шаары), Бүткүл союздук кинофестивалынын "Актёрдук эмгеги үчүн" номинациясы боюнча лауреаты (1972-жыл) менен сыйланган, Бүткүл союздук кинофестивалынын "Биринчи актёрдук эмгеги үчүн" номинациясы боюнча лауреаты (1974-жыл), Бүткүл союздук кинофестивалынын "Актёрдук эмгек үчүн сыйлыктар" номинациясы боюнча лауреаты (1978-жыл).
Актёрдун ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилген. 2005-жылы Чокморовго арналган почта маркасы чыгарылып, 2009-жылы 5000 сомдук акча купюрасында анын элеси түшүрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан