Эртең, 27-сентябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу-канал" башкармалыгына шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол менен кесилишкен аймактарда таза суу болбойт.
"Бишкек суу-канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.