Австралиянын Мельбурн шаарында такса породасындагы иттердин жарышы болуп өткөн. Алар жарышка түшүү үчүн атайын костюмдарын кийип чыгышкан. Аларды жарышта ээлери гана эмес, жүздөгөн күйөрмандары колдоп туруу үчүн келишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Чуркоо боюнча жарышка 50дөн ашуун иттер катышкан. Ошондой эле такса породасындагы карыган, оорулуу жана карлик тибиндеги иттер үчүн өзүнчө сынак уюштурулган. Ал эми таксаларды жарышка түшүрүүгө үйрөтүү үчүн бир топ убакыт жана чыдамкайлык керектелет. Иттердин кожоюндарынын бири журналисттерге: "Аны чуркатуу үчүн биз велосипедге отуруп, ага таттууларды көрсөтүп жаттык. Андан соң ал таттууга жетүү үчүн көп аралыкка чейин чуркашты", - деп билдирген.
Жарыш Австралиядагы такса породасындагы иттерди коргоо максатында уюштурулган.