Бишкекте коомдук унаалар үчүн рейд уюштурулуп, 15 айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, уюштурулган рейдде 3 кичи автобус адам ташуу талабына жооп бербегенден улам айып аянтына токтотулган. Рейддин экинчи этабы бүгүн 17:00дөн 20:00гө чейин улантылат.
"Маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, ошондой эле калкты тейлөөдө ашыкча адам салып алгандарды иретке келтирүү максатында атайын эки этап менен рейд уюштурдук. 1-этап таңкы саат 07:00дөн 12:00гө чейин жүргүзүлдү. Экинчи этап бүгүн 17:00дөн 20:00гө чейин улантылат", - деп билдирди басма сөз кызматынан Таалай Бугубаев.
Эске салсак, буга чейин 23-сентябрда Шабдан баатыр көчөсүндө маршруттук таксинин катышуусунда унаа кырсыгы катталып, 9 жүргүнчү жабыркаган.