"Тазалык" ишканасынын жумушчулары тарабынан Бишкектеги жер алдындагы өтмөктөрдө санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Байтик баатыр/Абдрахманов, Лев Толстой көчөлөрүндөгү өтмөктөр, Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги өтмөк оңдолууда.
"Бир күндө таштанды үйүлүп, дубал бооруна түрдүү жазуулар жазылып калат. Бул тазалоо иштерин татаалдатып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Бишкектин аймагында жалпысынан 11 өтмөк бар.