Көзү азиздер жана дүлөйлөр кайрадан митингге чыгышты. Алар таңкы саат 07:00дөн баштап Ак үйдүн алдына чогулуп, Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы мыйзамсыз аракеттерди жөнгө салуу боюнча, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мандатын тапшырсын, Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы иштерге аралашпасын деген талаптарды да коюшкан.
"Дастан Бекешев майыптардын укугун коргойм деп КСДП аркылуу депутаттык мандат алып, эми минтип кызматка жеткенден кийин майыптарга каршы иш жасап жатат. Ал Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасын шайлоого аралашып, өзүнүн жакын досу Марат Ташбаевди СССР убагындагы шайлоо ыкмасы менен төрагалыкка алып келди. Шайлоого 50-60ка жакын эле адам катышты. Биз буга каршыбыз", - деп билдирди Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Искендер Султаналиев.
Маалыматка ылайык, азиздер жана дүлөйлөр Жогорку Кеңештеги 6 фракциянын башчыларына кат аркылуу кайрылуу жиберишкен. Митинггдин катышуучуларына депутат Дастан Бекешев өзү чыгып жолугуп, шайлоо мыйзамдын жолу менен өткөн деген жообун берген.
Эске салсак, 2-сентябрда Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагалыгына Марат Ташбаев шайланган. Белгилүү болгондой, өлкө боюнча Азиздер жана дүлөйлөр коомуна 10 миңден ашуун адам мүчө болуп катталган.