Жалал-Абад жаштар коомунун “Карыларга жардам” акциясы уланууда

Жалал-Абад жаштар коомунун “Карыларга жардам” акциясы уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад жаштар коомунун төрайымы Санрабия Сатыбалдиева билдирди.

"Карыларга жардам" деген аталыштагы акцияны жаштар кайрымдуу, боорукер болсун деген максатта уюштуруп жатабыз. Биздин мындай кадамдарыбыздан кимдир бирөө турмуштук сабак алып, муктаж болгон адамдарга жардам колун сунса, демек, биздин аракетибиз текке кетпептир деп билебиз", - деди Сатыбалдиева.

Маалым болгондой, "Карыларга жардам" акциясы 24-сентябрда старт алган. Мында Жалал-Абад жаштар коому улгайган муктаж адамдардын үйүнө барып чарбалык жумуштарын жасап, кышка карата отун-суусун камдоого жардам беришүүдө. Жаштардын кайрымдуулук иши 1-октябрга чейин улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан