Дүйнөдө эң булганган шаарлардын катарын толуктаган Замбия өлкөсүнүн Кабве шаары (фото)

Дүйнөдө эң булганган шаарлардын катарын толуктаган Замбия өлкөсүнүн Кабве шаарынын 10 чакырым айланасынан суу ичүү жана абасынан дем алуу коркунучтуу деген маалыматты адистер айтып келишет. Буга чейин дүйнөлүк эксперттер Кабвени эң булганыч шаарлардын катарына кошушкан. Алардын катарына Кытай, Индия, Перу, Орусия, Украина, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдөгү шаарлар кирген.

Шаардан 1902-жылы коргошун кени табылган. Кийин түстүү металлдарды өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн ири объектилер курулган. Кабве шаары өлкөнүн борбор шаарынан 150 чакырым алыс жайгашкан. Замбиядагы экинчи ири шаар.

Замбия өлкөсү Түштүк Африканын сууга таңсык аймагында орун алган. Түндүк-чыгышында Танзания, чыгышында Малави, түштүк аймагынан Зимбабве, Ботсвана өлкөлөрү чектешип турат. Калкынын саны 2013-жылдагы статистика боюнча 223 673 адамга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
SeN_Sulusun
2016-09-26 17:31:43
Кудага Шугур дейли биз абдан соонун жерде жашайбыз таза суу таза аба баардык жагынан соонун
+33
jengoo
2016-09-26 17:54:28
SeN_Sulusun,Сен сулуусун.
+19
Baatur7777
2016-09-26 19:53:29
SeN_Sulusun, оба чынында шугур деш керек!
+3
edik-kg
2016-09-26 18:18:58
бир жолу олуп эле алышыптырго мусорго комулуп
+3
Jigit.1982
2016-09-26 18:34:56
edik-kg,Биздин Ош шаарындагы лолу махаллага кирсенда булардан таза жагашат.
+6
Kroxa
2016-09-26 18:24:43
Ушунчалыкка жеткирген озулору да сен таза болсон,коом таза болот,,
+6
12.12.12
2016-09-26 19:06:05
Таштандылардын баардыгы эле Кабве шаарына агып баргандай сезилип кетти
+4
happy15
2016-09-26 19:58:07
Машиненин айнегин ачып,алмасын деле таштап,балмуздактын кагазын,конфеттин,семичкесин чагып ,таштандыны урнага жетпей таштагандар,этаждан ылдый таштанды ыргыткандар коруп койгула,жаман болуш бир паста дейт,бат эле ушуларга жетип калабыз,ойлонбосок.
+11
aiba_00
2016-09-27 09:58:53
Бизде дагы жакшы экен, семичка чаккан кызды таап айып толотуп ийишти. Канча адамга сабак болду мисал учун, ушунча мусор жатса жугушту оору да коп болсо керек.
+1
simone
2016-09-27 15:11:36
Аллага мин мерте шугур кылам, ушундайларды коруп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан