Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында 11-Алма фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, фестивалдын жүрүшүндө жергиликтүү мөмө-жемиштер, тамак-аштын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле концерттик программа, сынактар менен коштолду.
Иш-чаранын расмий бөлүгүн Кадамжай районунун акими ачып, келген коноктор сөз сүйлөштү. Ага облус башчы Абиш Халмурзаев, айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, райондук администрация башчылары, шаар мэрлери катышты. Ошондой эле фестивалга Өзбекстандын Фергана облусунун губернаторунун орун басары жетектеген делегация келди.