Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Өмүрбек Текебаев мүлктөрү менен тааныштыруу максатында пресс-тур өткөрүп жатат. Иш-чара Калык Акиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 4 кабаттуу имараттан башталды. Текебаевдин айтымында, бул имараттын 1-кабатында "Ата Мекен" партиясынын штабы иштейт, ал эми калган кабаттар партияга таандык эмес. "Имарат салынган жер тилкени "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү сатып алышкан, жердин аянты 6 сотыхка барабар. Имаратты түрк инвесторлору курушкан. Башкы план боюнча 9 кабаттуу болуш керек эле, бирок бизге байланыштуу эмес себептен улам 4 кабаттуу деп чечилген", - деди Текебаев.