Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мүлктөрү менен тааныштыруу максатында пресс-тур өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Ал чиновниктердин коррупциялык иштери боюнча маалымат жөнөтүүгө электрондук почта ачылгандан бери 20дан ашуун кат түшкөнүн билдирди.
"Келип түшкөн каттардын жарымы партиябызга суроолор жана каалоо-тилектер экен. Коррупциялык иштер боюнча түшкөн маалыматтар - ушактар. Биз олуттуу иштер боюнча каттар түшөт деп ишенебиз. Жыйынтык чыкканда каттар кыйла көбөйөт деп ойлойм", - деди Текебаев.
Айта кетсек, Текебаев акыркы маалымат жыйынында жогорку кызматтагы адамдардын коррупциялык иштери жана аракеттери боюнча маалыматтарды жөнөтүүгө электрондук почта ачканын жарыялаган. Анын дареги: specialno_dlya_vas@bk.ru
"Урматтуу мекендештер, силер үчүн атайын почта ачып жатам. Эмнени билсеңер, баарын жазгыла. Ишти аягына чейин чыгарам. Кой-Ташта Атамбаевдин хан сарайы тууралуу маалыматты мага берген адамды издеп жатышыптыр. Бирок ал үй космостон көрүнүп турат, жанынан өткөн адамдар бул үйдү көрүп жатышат. Эмнеге бир жаш жигит Атамбаевдин хан сарайы боюнча айтпашы керек эле? Эми ал баланы ур-токмокко алганы жатышат. Мындан ары мага жашыруун түрдө коррупция боюнча маалыматтарды жөнөтсөңөр болот", - деген Текебаев.