ЖЫЛНААМА, 27-СЕНТЯБРЬ: 48 жыл мурун экс-депутат Камчыбек Ташиев туулган

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында туулган.

- 1992-жылы Томск мамлекеттик университетин инженер-химик адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча аяктаган.
- 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- 1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган.
- 1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген.
- 2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.
- 2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аппарат жетекчисинин жардамчысы, ал эми 2003-2005-жылдары Ленин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген.
- 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
- 2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, кийин министр болгон.
- 2010-жылдын декабрынан тартып 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, “Ата Журт” депутаттык фракциясынын лидери болгон.
- 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутат Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
keba300989
2016-09-27 09:03:44
Кудай буйруп кайра барса жакшы болот эле, мен ушул адамды колдоп, ишенип келген элем.
+2
samsungc3
2016-09-27 13:18:12
Ташиев учурда каякта.?
0
keba300989
2016-09-27 13:45:00
samsungc3, Жалал-Абадта
0
HAPPY.GIRL
2016-09-27 16:45:41
Улактай болуп ак уйдогу забордон секирген ушул Ташиев эргул да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан