Индияда 15 долларга сатылып алынган 11 жаштагы мектеп окуучусу кожоюндарынан качып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарда 7-класста окуган өспүрүм кыз Тамилнад штатындагы Тируварур айылында чоң ата, чоң энеси менен жашаганы айтылат. Кыздын ата-энеси наристе төрөлөрү менен андан баш тартышкан. Бирок бир күнү алар кыз окуган мектепке барышып, айылдан 300 чакырым алыста жайгашкан Тамбарам шаарына алып келип, бай тааныштарына сатып жиберишет. Окуучу кыз эртеден кечке үй жумуштары менен алек болгон, бирок ага тамак бербей, акча төлөбөй коюшкан. Ал бир күнү баары уктап жатканда үйдөн качып чыгып, элден жардам сураган. Ал эми туристтик борбордун кызматкери болгон кыздын ээси полицияга келип, алыскы тууганы жоголуп кеткендиги жөнүндө маалымдаган.
Учурда кыз мамлекетттик баш калкалоо жайында. Ал эми анын мурунку кожоюнуна кулчулукка сатуу боюнча күнөө тагылган.
Белгилей кетсек, балдарды уурдап кетүү жана аларды сатып жиберүү Индияда көп кездешет. Расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылы кулчулукка сатуу боюнча кылмыштардын саны өскөн, алардын 43 пайызы жашы жете элек өспүрүмдөр. Жаш балдарды өз кызыкчылыктарына пайдаланып, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашат же үйдөгү кул катары кармашары айтылат.