Бишкек шаарынын 1-Май районунда ишембилик өткөрүлүп, 26 куб таштанды чыгарылды

Бишкек шаарынын 1-Май районунда ишембилик өткөрүлүп, 26 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун аймагын тазалоого жергиликтүү жашоочулар, мекеме-ишканалар жана мектеп окуучулары тартылган.

"Жалпысынан 50 мекеме-ишканадан 2800 адам айлана-чөйрөнү тазалоого тартылып, калктуу аймактар, жол жээктери, эс алуу бактары тазаланды. Мында жалпысынан 5,6 гектар жер таштандылардан тазаланып, ишембиликтин жыйынтыгында 26 куб таштанды чыгарылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан