Ошто жайыт жерлерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ошто жайыт жерлери мыйзамсыз пайдаланылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапалак айыл аймагындагы Ак-Таш, Берки-Суу жана Кара-Сөгөт жайыт жерлерин текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында максаттуу пайдаланылбай, жайыт билеттери берилбей, ижара акы, төлөө келишимдери түзүлбөгөн фактылар аныкталган.

"Атайын адистер текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан аймактар табылды. Аларга жеринде мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар толтурулду. Жапалак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Акылбек Салиевге эскертүү берилип, административдик айып пул салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Keremet008
2016-09-27 14:10:13
Чыйырчыкты да карап койсоңор жайында биросү келет Кара Сууга карайт деп Кара Суулук налогдон келдим деп андан эле дагы өзүбүздон биро чыгат налик төлөйлү деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан