Конституция боюнча коомдук талкууга чакырылган депутаттардан Текебаев менен Жакупова гана келди

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине арналган коомдук угуу өтүүдө. Иш-чарага чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттарынан Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен") менен Чолпон Жакупова ("Бир бол") гана келди.

Айта кетсек, тегерек столдо парламент депутаттарына, фракция лидерлерине, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнө, саясий биримдиктердин мүчөлөрүнө Конституцияны өзгөртүү демилгеси боюнча пикир айтууга мүмкүнчүлүк берилмекчи. Иш-чараны Жарандык көзөмөлдөө комитети өткөрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tashi62
2016-09-27 14:33:47
Энеңерди үч коргондон көрөсүңөр жакында
+1
Abdurahman
2016-09-27 16:12:04
Депутаттардын кобу акча менен откон, кобунун акчасы кеткен шайлоого, эгер бийликке азыраак каяша кылып койсо ордунан кол жууп калат, ошондуктан кобу унчукпай отурушат бийликтин айтканын кылып созун суйлоп,дагы эмне болуп кетет деп

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан