27 жылдан бери баспаган Мээргүл Дөөлөтбаева 2 баланы төрөп-чоңойтту. Ал бала кезинде ыр дүйнөнү багындырып, сахна адамы болууну эңсечү, бирок тагдырдын буйругу наристенин аруу тилектерин таш каптырды.
Каарманыбыз Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын тургуну. Учурда Ош шаарында эки баласы менен көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ижарага алган батирде жашайт.
"2 жашымда дене табым көтөрүлүп, ооруп калгансың дешет. Апам айылдагы ФАПка алып барып укол сайдырган экен. "Күчтүү уколду көтөрө албай баспай калгансың" деп айтышкан. Апамдын айтымында, башкалардан эрте, 1 жашымда басып калган экенмин. Кырсык чалып, өмүр бою арабада отуруп калдым. Ошол убактарда ата-энем "жаман жерди басып алган турбайбы" деп эскичилик менен молдолорго окутуп, кийинчерээк ооруканаларга көрсөтүп жүрүшүптүр", - дейт Мээргүл Дөөлөтбаева.
Мээргүл учурда 29 жашта. Ушул жылдар аралыгында көптөгөн ооруканаларды кыдырып, басып кетүү жолдорун издеп, үмүтүн үзбөй келет. Анын буттары кыймыл жок болгон үчүн алсыз, бирок буттарынын сезүүсү өз ордунда.
Каарманыбыз 2007-жылы телефон аркылуу бактысын таап, кошуна жайгашкан Куршаб айылынын тургунуна 20 жашында турмушка чыккан. Анын буту баспаганына карабай кайын журту жылуу кабыл алып, жолдошу бапестеп багып келген. Бир топ жылдар бою бактылуу жашап, 2 уулдуу болушкан. Учурда Мээргүлдүн улуу баласы Эламан 2-класста окуса, кичүүсү Баястан 4 жашка толду.
"Менин бактыма технологиянын жетишкен заманы жардам берди. Телефон аркылуу бир жигит менен сүйлөшүп жүрдүм. Ал мени көрбөй туруп сүйүүсүн арнаган. Башында бутум баспайт деп да айткан эмесмин. Кийин ал үйлөнөм деген акыркы чечимди чыгарганда арабада отурарымды айткам. Ал баары бир үйлөнөрүн айтып, ата-энеси сөйкө салып кетти. Тойдун белгиленген мөөнөтүнө карабай ала качып отургузуп коюшту", - дейт Дөөлөтбаева.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Мээргүл турмуш жолуна аттанып, анын бактылуу жашоосу 8 жылга созулган. Ал ортодо жолдошу соода иши менен алектенип жүрүп карызга батып калган. "Күн сайын карызын доолап белгисиз адамдар келип дарбазабызды каккылап кетишет. Карызга баткан күйөөм айрым күндөрү үйгө келбей калчу болду. Кийинчерээк 1 ай бою келбей калды" деген Мээргүл жолдошунун кайда жүргөнүн билген эмес. "Кимдир бирөөнүн оюна жетеленип, азгырылып кетти" деген Мээргүлдүн жолдошу майып аялын, наристелерин кароосуз калтырып кеткен. Убакыттын өтүшү менен балдарын сагынып, анда-санда кабар алып турган. Кийинчерээк 3 айда бир келип балдарын көрүп кетчү болгон.
"Карыз алган адамдары мага келип, "күйөөңдү өлтүрөм, каматам" деп тажатып жиберишти" деген Мээргүл жолдошу менен 2014-жылы ажырашып кеткен. Азыр ал балдары менен Ош шаарында жакын тууган, студент инилери менен чогуу жашайт. Жашаган жери көп кабаттуу үй болгондуктан, кимдир бирөөнүн жардамы менен сыртка чыгат. Кошуналарынын телефон номурун жазып алган. Жардам керек болсо чалып турарын айтат.
Каарманыбыз Ош шаарынын мэрине 4 жылдан бери бир канча жолу батир тууралуу арыз жазган. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго жана учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевге да бир канча жолу батир сурап кайрылган. Ал тургай Кадырбаев эки баласын жетелеп барса көңүл да бурбаганын айтты. Эми ал өлкө башчысы Атамбаевге үмүт артат.
Тагдыр сыноосуна кабылып, оор турмушта жашаган каарманыбыз калем кармап, ыр жазууга шыктуу. Бош убактысында ыр жазып, кайгы-муңун калемден чыгарып, өз оюн тизмектеп кагаз бетине түшүрөт. Колунда мүмкүнчүлүгү бар берешен адамдар жардам колун сунса, Мээргүл андан баш тартпастыгын билдирди.