Бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте насыяга коюлган үйдү бошотуу учурунда Насыя алгандардын укугун коргоо уюмунун мүчөлөрү менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Аталган уюмдун өкүлү Кубан Чороев үйдү күрөөгө коюуда алдамчылык фактысы болгонун айтып, буларга токтолду: “Бүгүн Улуттук илимдер академиясында насыя алып, аны төлөй албай калгандардын чогулушу болмок. Ага өкмөттүн, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышмак. Үйү бошотулуп жаткан Венера Юн да Насыя алгандардын укугун коргоо уюмунун мүчөсү. Мындан улам уюмдун айрым өкүлдөрү анын үйүндө чогулуп, Илимдер академиясына келишмек. Ошол учурда сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен келип, үйдү бошотуу керектигин айтышкан. Анан эки ортодо түшүнбөстүктөр чыгып кетти”.
Ал эми үй ээси Венера Юн Бишкектеги “Халык Банктын” кызмат адамдарын жана Чыңгыз Жакыповду жоопко тартуу боюнча тиешелүү жактарга арыз жазган. Арызда 2013-жылдын башында “Халык Банктан” 44 айга 100 миң доллар насыя алып, ал үчүн Күрөңкеев көчөсүндөгү турак үйүн күрөөгө койгону жазылган.
“2013-жылдын февраль айынан 2014-жылдын март айына чейин жалпы 47 593 доллар банкка төлөгөм. Кийин банктан акча алууда ортомчу болгон Ли С.Н., Ким К.В., жана Ли Р.Н. аттуу жарандар мени 105 миң долларга алдап кетишти. Мындан улам банкка тиешелүү сумманы убагында төлөй албай калдым. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 25-февралында мени жана жолдошумду үйдөн чыгаруу боюнча чечим чыгарды. Соттун чечими күчүнө кире электе эле, тактап айтканда, 26-февралда “Халык Банктын” кызматкерлери Чыңгыз Жакыпов аттуу жаранга мыйзамсыз сатышкан. Ошол учурда турак үйдүн бааланган баасы 101 160 долларды түзгөн, бирок алар 91 миң долларга сатышкан. Келишимге ылайык, турак үй бааланган баасынан төмөн сатылбаш керек болчу”, - дейт Венера Юн.
Ошондой эле ал арызда окуядан улам баласы жана кызы каза болгонун жазган. “2014-жылдын 15-декабрында банктан үйдөн чыгаруу боюнча кагаз келген. Аны окуган балам Андрей Кимдин жүрөк оорусу кармап, анын кесепетинен каза болгон. Эки айдан кийин банк кызматкерлери дагы келишип, кызым Татьяна Ким менен уруша кетишкен. Натыйжада кызымдын мурдагы боор оорусу күчөп, ал дагы каза тапты. Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында үйгө келген сот аткаруучу менен банк кызматкерлеринин кысымынан улам жолдошум Сергей Кимдин жүрөк оорусу кармап, жандандыруу бөлүмүнө жатып калды”.
Бул боюнча “Халык Банкка” кайрылганыбызда, банк кызматкери турак үй 2015-жылы сатылганын, бүгүнкү үйдөн чыгаруу процессине эч кандай тиешеси жок экенин айтып, башка маалымат берүүдөн баш тартты.