Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-сентябрда быйылкы кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн "канааттандыралык" деп билдирди. Премьер быйылкы климаттык шарт Токтогул суу сактагычында кошумча суу көлөмүн чогултууга мүмкүнчүлүк берди. Учурда андагы суунун көлөмү 17 миллиард метр куб, бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 миллиард метр кубга көп.
"Бардык облустар электр энергиясын керектөө лимити боюнча тапшырманы аткаруу менен оң жыйынтыкка жетиштик. Калктын жана бюджеттик мекемелердин бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын алдындагы карыздары азайды. Ошондуктан министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринен аталган маселени дайыма көзөмөлгө алуусун өтүнөм", - деди Жээнбеков.